Туристтик тармактагы ызы-чуулардан кийин 2018-жылдын 1-январынан тарта Орусияда Ростуризм тарабынан иштелип чыккан “Электрондук жолдомо” деп аталган бирдиктүү маалыматтык система иштелип чыккан. Ал жакка ар бир сатылган тур боюнча маалымат киргизилет.
Учурда “Электрондук жолдомо” менен тесттик режимде 100гө жакын туроператорлор колдонууда. Системаны бир нече туристтик арыздар үчүн колдонуп да көрүштү. Тестирлөө долбоор башталганы ар бир этапта болууда.
“Электрондук жолдомо” туристтик рынокту жөнгө салуу боюнча жакшы курал болот. Аны киргизүү менен башка өлкөдө иштеген жана эс алып жаткан жарандардын так санын биле алабыз. Бул система туристтик кызматтар рыногунун ачык болуусун камсыздайт”,-деди Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар комитетинин төрагасы Сергей Кривоносов.
Электрондук жолдомолорунун номерин билген туристтер Ростуризмдин сайтына кирип номерин жазып, электрондук жолдомосунун статусу тууралуу биле алат. Ал жакта “төлөндү”, “төлөнүшү керек”, “жарым-жартылай төлөндү” деген маалыматтар жазылып турат. “Электрондук жолдомо” системасын иштеп маалыматтык коопсуздук боюнча баардык талаптар эске алынганын билдиришүүдө.
Орусиянын туристтик тармагындагы өзгөрүүлөр Кыргызстанга дагы таасир тийгизет. Себеби жыл өткөн сайын Ысык-Көлдө эс алууну каалаган орусиялыктардын саны өсүүдө. Кыргызстандыктар болсо Түштү-Чыгыш Азияда, Түндүк Африкада эс алуу үчүн орусиялык туристтик фирмалардын кызматы менен активдүү колдонуп келишет.