“Зер буюмдарды сатууга байланышкан мыйзам актыларын азыр Финансы министрлиги, Федералдык салык кызматы жана башка мекемелер менен макулдашып жатабыз. Өтө чоң келишпестиктер деле жок, жөн гана талкуу болууда. Кийинки жылдан тарта күчүнө кирет деп ойлоп жатам”,-деди Фомичев.
2016-жылы Орусиянын Экономика министрлиги дистанттык соодага коюлган чектөөнү алууну сунуш кылган. Ага ылайык, алкоголь, тамеки, дарыларды, медициналык каражаттарды жана айрым азыктарды дистанттык сатууга туюу салуу алынат. Фомичев билдиргендей, буга байланыштуу интернет сатууларга чектөөнү алуу, өзгөчө дарыга келгенде маркировка системасы ишке киргенден кийин гана болот. Ал эми алкоголго жана тамекиге байланыштуу “даяр чечимдер” жок.