Орусиянын Федерация Кеңеши мурда берилген насыялар боюнча Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечүү жөнүндөгү макулдашуунун ратификациялык протоколу тууралуу федералдык мыйзам долбоорун жактырды. Аталган макулдашуу Орусия Өкмөтү менен Кыргызстандын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында түзүлгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Кабыл алынган макулдашуунун протоколуна 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган. Ал эми 2017-жылдын 30-мартына карата Кыргызстандын Орусияга болгон карызы 240 млн АКШ долларын түзгөн.
Өлкөнүн Орусияга жалпы карызын 100% жоюу жактырылган протоколдун күчүнө кириши менен жүзөгө ашырылат. Карызды толук бир учурда кечүү Орусиянын Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө көрсөткөн расмий жардамынын алкагында жүргүзүлүүдө.