Орусия бөлгөн гранттардын суммасы 225 млн доллар болду. Владимир Путин Ала-Арча резиденциясында болгон жолугушууда Кыргызстандын мамлекеттик карызын акырындан кечерин билдирди.
“Бул өлкөнүн финансы системасына келтирилген оорчулукту азайтат”,-деди ал.
Мындан сырткары Владимир Путин Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыз кылуунун башкы планына ылайык, «Газпром» компаниясы масштабдуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.
Кыргызстандын газтранспорттук тармагына салынчу инвестициянын жалпы көлөмү 100 млрд рубль же 1,7 млрд доллар.
Бул өлкөнүн бардык аймактарына Орусиянын көгүлтүр газы жеткирилет дегендик. Азыртадан эле өлкөнүн бир нече аймактарында газ түтүктөрүн орнотуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө.