• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Орусия Кыргызстандын газ тармагына 100 млрд рубль инвестиция салат

litsey-8

👁 704

Орусия Кыргызстан менен өнөктөштүктүн алкагында газтранспорттук жана газ бөлүштүрүү тармагына 100 млрд рубль салат. Бул тууралуу 2017-жылдын 27-ноябрында Орусиянын ТИМинин орун басары Г. Гатилов БУУнун өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча 6-форумунда билдирди.

Бул планды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу 22 пайыздан 60 пайызга өсөт.

Масштабдуу долбоорду Газпром ишке ашырат. Бул компания 2014-жылы Кыргызстандын 100% акциясын 1 долларга сатып алган, бирок баардык карыздарын төлөгөн, карыздын көлөмү 60 млн долларга жакын болчу.

Газпром Кыргызстандын бардык активдерин, анын ичинде газ түтүктөрүн, бөлүштүрүүчү станцияларды, газды жер алдында сактоочу жайларды ж.б. алды.

Аны менен катар эле Газпром Кыргызстандын газ инфраструктурасын модернизациялоого 5 жыл ичинде 20 млрд рублдан аз эмес каражат салмакчы болгон.

2016-жылы Газпром 2,1 миңге жакын үйдү каз менен камсыз кылган, 2017-жылга коюлган план 20 миң турак-жай болчу.

Жалпысынан алганда Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу программасынын алкагында 2030-жылга карата газды 7 облустагы 400 калктуу конуш, 845 мин батир газ менен камсыз болот.

Инвестициялардын көлөмү 20 млрд рублдан 34 млрд рублга чейин көбөйөт.

Мындан сырткары Кыргызстанга нефть өнүмдөрүн салыксыз ташууга уруксат берилген. 2016-жылы 1 млн тоннадан ашуун мунай ташылып келинген.

Буга чейин айтылган маалыматтарда мунай заттарын салыксыз ташуудан Орусиянын бюджети 1 млрд доллар жоготот.

Анын ордуна Орусия Кыргызстан менен мамилени өнүктүрүп, экономикалык багытта, гуманитардык тармакта бонуска ээ болууда.

Ошондой эле келишим Евразиялык биримдикте интеграциялык процесстерге көмөкчү болот.

Кыргызстан соода-экономикалык жактан Орусиянын маанилүү өнөктөшү жана 2016-жылы эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 1,2 млрд долларды түзгөн.

Колдоо газ менен камсыз кылуу жана мунайды салыксыз ташуу менен гана чектелип калбайт.

Орусия Кыргызстандын өнөр-жайын 2017–2020-жылдары туруктуу өнүктүрүү үчүн 500 миң доллар бөлгөн.

Бул программага катышуу перспективалуу деп санайт Орусия, себеби бул өлкөнүн өнөр-жай потенциалын толугу менен ачып берет.

Жалпысынан алганда Орусия Кыргызстандын экономикасын кайра курууга жардам берүүдө.

Ал үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бар, ага Орусия 500 млн доллар бөлгөн.

Учурда фонддун жардамы менен 200 млн долларлык долбоорлор ишке ашууда.

Мындан сырткары Кыргызстандын бюджетин турукташтыруу үчүн жалпы суммасы 224 млн доллар грант бөлүнгөн.

Аны менен катар эле Орусия Кыргызстандын мамлекеттик карызын кечүүдө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости