Келишимге ылайык, чех компаниясы 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын, Акбулуң ГЭСин жана дагы он чакан ГЭС курат.
Кол коюу учурунда Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономикасына Европадан ири жеке инвестордун келиши дүйнөдөгү бардык потенциалдуу инвесторлорго кубаттуу белги берип, Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды түзүүгө даяр экендигин ырастай тургандыгын билдирди.
Буга чейин Орусия Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууну ишке ашыруудан баш тарткан.
Белгилүү болгондой, Жогорку Нарын ГЭС каскады 4 ГЭСтен турат:
–Ак-Булуң ГЭС;
–НарынГЭС-1;
–Нарын ГЭС-2
–жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт. Болгон Нарын ГЭС-3.
Орусиядагы оор экономикалык абалга байланыштуу Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу иши бир топко кармалып, андан кийин такыр эле токтоп калган.
«Русгидро» менен компромисске келе алышкан эмес. Чехтер көбүрөөк ийкемдүү болду.