• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ортомчулар 500 миң евро төлөшөт

psihonevrologicheskiy-dispanser-1

👁 1,178

2017-жылдын 15-сентябрында Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

Ага Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын өкүлдөрү жана ЕЭКтин төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭКтин коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) катышышты.

ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү – Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери ички жана тышкы соодага, өнөр-жайга, каржы саясатына, бажы жана техникалык жөнгө салууга, маалыматтык системага байланышкан бир катар маселелерди талкуулашты.

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин жыйынынын натыйжасында бир катар маанилүү документтер жактырылды.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2017–2018-жылдарга карата макроэкономикалык саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тизмеси бекитилди.

Биримдикке мүчө өлкөлөр негизги 4 багыт боюнча иштейт.

–Макроэкономикалык абалды жакшыртуу;

–Шарттарды түзүү;

Бизнестин өнүгүүсүнө багытталган инвестициялардын жана негизги капиталдыг өсүүсү;

–Биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү кайра иштетүүчү өндүруштөрдү жана инновациялык ишканаларды, чийки затты экспорттоону өнүктүрүү.

ЕАЭБде ага мүчө өлкөлөр бири бири менен эсептешүүдө улуттук валюталарын колдоно алышат жана инфляцияны таргеттөө режимине өтүү каралды. Мунун баары Биримдиктин экономикасында тармактык кайра курууну өткөрүүнү тездетет.

ЕЭКтин кеңеши техникалык жөнгө салуу тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды.

ЕАЭБдин “Жарылуу коркунучу бар тармактардагы жабдуулардын коопсуздугу” тууралуу техникалык регламенти кабелдик өнүмдөргө, электр жабдууларына, шахталарга байланыштуу талаптар менен толукталат. Техникалык регламенттин таасири жер астындагы кабелдик өнүмдөргө тиешелүү болот.

ЕЭК кеңеши “Дандын коопсуздугу” тууралуу техникалык регламенттин 2-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды. Ага ылайык, күн карама дандарынын курамында кадмийдин болуусу 0,1 мг/кгдан0.2 мг/кгга жогорулатылды.

“Бирдиктүү форма боюнча декларацияга шайкештиги жөнүндө жана берилген сертификатка шайкештүүлүгү милдеттүү көрсөтүлүүчү продукциялардын Бирдиктүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” ЕЭК чечими.

ЕЭКтин Кеңешинин бул чечими 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирген жана “Балыктын жана балык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ЕАЭС 040⁄2016) ЕАЭБдин техникалык регламентинин кабыл алынганына байланыштуу даярдалган жана бирдиктүү форма боюнча декларацияга тиешелүүлүгү жөнүндө жана берилген сертификатка тиешелүүлүгү милдеттүү көрсөтүлүүчү продукцияларга кирген Продукциялардын Бирдиктүү тизмесинин 22-бөлүгүн (“Даяр тамак-аш азыктары. Балыктан жасалган азык түлүктөр”) чыгарып салууну карайт.

СБ 11:05 ЕЭКтин кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу тууралуу Келишимди даярдоо чечимин кабыл алды.

Келишим долбоору эл аралык практикаларга ылайык, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму тарабынан бекитилген соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча эрежелерге жана принциптерге ылайык даярдалышы шарт.

ЕАЭБ менен соода кылууга кызыкдар болгон өлкөлөр менен келишим түзүү каралган.

Ага 2018-жылдын башында кол коюлары пландалууда.

ЕЭК кеңеши бажы өкүлү күбөлүгүн алуу үчүн төлөмдөрүн ченемин бекитти. Бажы операцияларында катышкан үчүнчү жактар, ортомчу компаниялар милдеттерин аткаруулары үчүн 500 миң евро өлчөмүндө каражатын көрсөтүүгө милдеттүү болушат.

Эске сала кетсек, учурда бажы өкүлүнүн күбөлүгүн алчулар бажы, салык төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуусу керек жана ал үчүн камсыз кылуу суммасы 1 млн еврону түзөт. Кабыл алынган чечим 2018-жылдын 2-январынан тарта жаңы кодекс ишке киргенден баштап бажы өкүлдөрүнүн чыгымдарын 2 эсеге кыскартат.

ЕЭКтин кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБдин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин долбоорлорун карашты, ал ушул жылдын 11-октябрында Сочиде (Россия) болот жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин чечим долборлорун карашат, ал Ереванда (Армения) 20-октябрда болот.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости