Докладдагы негизги тема соода адамдык өнүгүүгө: билим алууга, саламаттыкка, экономикага, социалдык теңсиздикке, экологияга канчалык таасир берери тууралуу болгон.
Монетардык теңсиздик Кыргыз Республикасы үчүн негизги маселелердин бири болуп саналат. Бардык расмий көрсөткүчтөр аны төмөндөтүп турат. Кедейлер акчанын жоктугунан жакыр эмес, кызматтарга толук жетүү мүмкүнчүлүгү жоктугунан кедей. Жалпы жакырчылыкты жоюу гана эмес, теңсиздикти жоюу жаңы стратегиялардын негизи болушу керек.
Адамдык өнүгүү боюнча Ысык-Көл облусу эң алдыда турат.
Ал эми эң төмөн көрсөткүч Нарын облусунда: адамдык өнүгүү индекси 0,634.
Эң узак жашагандар Жалал-Абад облусунда: жашоо узактык индекси — 0,777, ал эми эң төмөн индекс Нарын облусунда – 0,737.
Билимдүү калктар Чүй облусунда: билим көрсөткүчүнүн индекси 0,815,ал эми эң төмөн көрсөткүч Жалал-Абад облусунда — 0,763.
Эн бай адамдар Ысык-Көл облусунда: киреше индекси – 0,589, ал эми Ош облусундагы индекс эң төмөн – 0,443.