“Анын тарыхы 1910-жылы Түндүк Кавказдын Полтава жана Курск губерниясынан келгендер Кемин районундагы Бишкек – Ысык-Көл жолунан алыс эмес жерге жайгаша баштаган учурга барып такалат. Бул жер өтө кооз болуп, канаттуулар, айрыкча бүркүттөр көп учуп өтүшчү. Айылдын жанында “Бүркүт” булагы да бар эле. Булакты айланып көптөгөн бүркүттөр учкандыктан ан дал ушундай атап коюшкан. Ал эми экинчи версия боюнча айылды алгачкылардан болуп келген Орловдун ысымынан коюшкан. Азыркыга чейин айылды түптөгөндөрдүн бири Василий Яковлевич Дугиновдун (1878−1977), Максим Алексеевич Глушконун (1889−1976) жана Савелий Степанович Поляковадун (1883−1967) айрым сүрөттөрү жана алар тууралуу маалыматтар архивде сакталып калган. 1913-жылы айылда 113 үй бар болчу, бара-бара калктын саны көбөйүп, Орловкага жашаганга коңшу айылдагылар дагы көчүп келе башташкан”,-дейт Светалана.
1930-жылы «Завет Ильича» жана «Новая жизнь» деп аталган алгачкы колхоздор пайда болуп, ал кийинчерээк колхоз «Завет Ильича» колхозу болуп калган. Бул айылда агрардык чарбачылыктын, мал чарбачылыгынын өнүгүүсүнө түрткү болгон. 1934-жылы дыйкандардын жардам берүү комитетинин акчасына алгачкы мектеп курулган. Ушул жле маалда дыйкан жаштары үчүн мектеп түзүлү, калктын сабаттуулугун жоюуда чоң роль ойногон.
Совет доорунда Орловканын аймагында советтер өлкөсүнүн баарына таанымал болгон “Кемин металлургиялык заводу” жана кыргыз тоо-кен комбинаты иштеп турган. Согуштан кийин Орловкада сейрек кездешүүчү металллдарды чыгарышкан, ал эми Советтер Союзу кыйрап жаткан маалда кремний чыгарыла баштаган. СССР кыйраган чоң Орловканын тургундары иш табуу үчүн башка жактарга кетүүгө аргасыз болушкан. 2010-жылы Орловкалыктар айылынын 100 жылдыгын белгилеп жатканда бул жерде 4 миңге чукул гана киши калган, ал эми Орловкадагы инфраструктура кароосуз калган жайларды эстетип турган.
Донорлор 95 терезени алмаштырууга жардам беришкен. ПРООНдун Орусиянын жардамы менен ишке ашырылчу “Радиоактивдүү заттардын калдыктарын сактоочу жайларга жакын жайгашкан калктуу конуштарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү” долбоорунун алкагында эми мектептер жылуу болот.
Ошондой эле Орловканын административдик аймагында – Бордунский айылында карусель, селкинчек жана ойноого керектүү болгон бардык нерселер орнотулган 4 балдар аянтчасы ачылды. Анын аймагында отургучтар, турник, таштанды челектери орнотулуп, кум төгүлгөн.
Ал эми Орловканын мэри Жумгалбек Дүйшөбаев жолду кумдан тазалоочу жана өсүмдүктөрго суу куюуучу жол унаасы алынганына кубанып бүтө албай келет. Эми жолдорду тазалоо үчүн район борборунан техника алып келүүнүн кереги жок, эми коммуналдык кызмат жолду өз убагында тазалдап, 80 тонналык жаңы унаа менен сууну убагында алып келе алышат.
Бирок эң башкысы Бордунский калдык сактоочу жайынын тегереги тосулганы болду. СССР кулагандан баштап ал жер каралбай, тосулбай калган. Натыйжада малдар ал жерлерде ээн-эркин оттошуп, алардын эттери кайра базарга сатылып деле кетүү коркунучу бар болчу. Учурда калдык сактоочу жайдагы радиоактивдүү заттар жайылбай калды.
“Бугүн Кыргызстандын кооз жери, Бишкек шаарынан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан Орловкадагы жашоо бир кыйла жакшырды. Бизге келиңиздер! Баарын өз көзүңөр менен көрөсүңөр!”-дейт Светлана Дмитриева.
Ирина Байрамукова