Россияда 16–17-апрель күндөрү Оренбург облусундагы Россиянын айыл чарбаны көзөмөлдөө кызматы башкармалыгынын кызматкерлери 27 тонна жашылчалар жана 13 миң даана көчөттөр мыйзамсыз ташылып бара жатканын аныкташкан. Алар Россияга Казакстандан жана Кыргызстандан ташылып бара жаткан.
16-апелде Орск шаарындагы “Орск” көзөмөл өткөрүү пунктунда 0,6 тонна жашылчаларды (капуста, помидор, бадыраң, редиска), ошондой эле 3 миң даана мөмө көчөтүн, 10 миң даана роза гүлүнүн көчөтүн ташып бара жаткан унааны токтоткон. Казакстанга тиешелүү болгон бул товарлардын фитосанитардык сертификаты жана сортторун аныктаган документи жок болгон.
17-апрелде «Орск» жана «Маштаково» өткөрүү пунктунда 4 унаа кармалган. Алар төмөнкүлөрдү ташып бара жатышкан:
- Казакстандан ташылып келе жаткан 0,5 тонна помидорлордун фитосанитардык сертификаты жок болгон;
- Казакстандан ташылып келе жаткан Кытайда өстүрүлгөн 6 тонна помидордун дагы тиешелүү сертификаты жок болгон;
- Кыргызстандан ташылып келе жаткан 19,9 тонна капустанын фитосанитардык сертификаты жараксыз болуп чыккан.