• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ооруганга акчаң жетеби?

????????????????????????????????????

👁 1,719

Биз анда студент кезибиз эле, бир жолу Ленинград университетинин журналистика факультетине канадалык студенттер конокко келип калды. Кездешүүлѳр, сүйлѳшүүлѳр учурунда “СССРден силерге эмне жакты? ” десек, кѳпчүлүгү “жогорку сапаттагы акысыз медицина жана акысыз билим” деп жооп беришти.

Арасынан бир студент: “Ата-энем жакшы жерде иштешет, бирок ооруп калгандан коркушат. Анткени дарыланууга кѳп акча сарпталарын билишет” деп калды. Ошол кезде кѳпчүлүк советтик студенттер бул маселени анча түшүнгѳн эмеспиз. Ооруп калуу чѳнтѳккѳ канча зыян келтирээрин кийин гана эгемендикти алып, ѳзүнчѳ мамлекет болуп, рынок мамилелерине ѳткѳн кезде түшүнѳ баштадык. Кѳрсѳ, медицина бир далай акча каражатын талап кылат тура. Ошондон улам менчик деген түшүнүк саламаттыкты сактоо тармагына да кирди. Биз бүгүн ушул маселенин оң-тетири жактарын карап кѳрѳлү.

Менчик бейтапкананын оң-тетири жактары

Бишкек шаарын аралап бассаңыз ар кайсы аттагы медициналык борборлор жаандан кийинки козу карындай болуп эле жайнап кетти. Андан сырткары радио, телевидения, газета-журналдарды да ошол эле борборлордун рекламалары каптады. Туура, акыйкаттык үчүн айтып коюу керек. Мына ушундай атаандаштык кайсы гана тармактын болбосун сапатын кѳтѳрүшү толук мүмкүн.

Бирок ушул сапаттуу борборлордон канча мекендешибиз дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар? КРнын эмгек сиңирген врачы, КРнын башкы кардиологу түштүк аймактык жүрѳк хирургия институтунун директору Калдарбек Абдрамановдун пикирин алалы. “Жеке менчик медициналык борборлорунун кѳпчүлүгү албетте, жогорку деңгээлдеги врачтардан турат.

Бирок, азыркы учурда алар жалпы элдин мүдѳѳсүн чечеби? Алар эч качан, эч кимди бекер дарылабайт. Бекер операцияларды да жасабайт.

Мен бир мисал айта кетейин бизге органдарды алмаштыруу боюнча бѳйрѳгүмдү сатат элем деп канча адам кайрылат. Аны арзан сатып алып, оорулууларга кымбат сатышы мүмкүн. А мунун ѳзү жеке менчик ооруканаларды криминалдаштырып салат.

Мындан бир топ жыл мурда президент органдарды алмаштырууну жеке менчик ооруканаларга берүү жѳнүндѳ мыйзамга вето койду. Мен муну эң туура болду деп эсептейм, “ дейт. Башкы кардиолог айткан маселе албетте проблеманын бир гана чети.

Эң негизгиси биздин калкыбыздын, ѳзгѳчѳ айылда жашаган элдин канча бѳлүгү ошол жеке менчик борборлордон дарыланууга мүмкүнчүлүгү жетет?

Ноокат районунан келген Ирсалат аттуу аял азыркы учурда борбордо соода кылат. Бир нече убакыт мурда ооруп калып ошол менчик бейтапканаларда дарыланган. “Мен дарылануу үчүн бир топ ийне сайдырдым, ар бир ийнеге миң сомго жакын тѳлѳчүмүн. Курс аяктап калган кезде сайчу дары калбай калды да врач дарыканадан ѳзүңѳр алып келгиле деди. Кызым дарыканага барса ал болгону 130 сом турат экен. А мындай нерсени мамлекет кѳзѳмѳлгѳ ала алабы?” дейт.

Чындыгында бул жерде ѳтѳ чоң маселе бар. Албетте, жеке менчик бейтапкана ачылгандан кийин сѳзсүз түрдѳ пайда табууну кѳздѳшѳт.

Бирок ошондой болсо да мыйзамдык чек деген жокпу?

Дагы бир мисал, тоолуу райондон келген Жыргал деген кош бойлуу келин сактануу үчүн менчик бейтапканада жатты. Ар бир күнүнѳ орто эсеп менен 3500 сом кеткенин айтат. Дагы жакшы, кайын журту, ѳзүнүн ата-энеси да бардар жер экен. Он чакты күнгѳ кыйналбай эле тѳлѳп беришти. Бирок дагы канчалаган кош бойлуу келиндер мындай дарыланууга мүмкүнчүлүгү жетет? Мындай маселелерди козгой берсек толтура проблемалар келип чыгат. Балким ошондон улам ар кандай бүбү-бакшы, табып, көзү ачыктарга да баргандар көп болуп жаткандыр.

Бекер медицина бекерби?

Ѳткѳн жылдын аягында бир таанышым атайын кредитке акча алганы эсимде. Эмнеге коротоорун дагы ачык айткан. Ал апасын бир күчтүү дарыгерге операция жасатышы керек болчу. “Акчаны кассага тѳгѳт бекенсиз” деп сурасам, ал: “каяктагы касса, колуна эле берет экенбиз” деп ачык эле айтты. Айрым учурда мындай фактылар массалык маалымат каражаттарына, ѳзгѳчѳ интернет баракчаларына жарыяланып кетет. Бир-эки дарыгер акча алганы үчүн жазаланды дегенди окуп калабыз.

Бирок мындай бирин серин аракеттер маселени чече алабы?

Жеке менчик ооруканаларга оорулууларды түрткѳн бир нече себептер бар. Бир нече жыл мурун биздин алысыраак тууганыбыз апасын кардиология институтуна жаткыруу үчүн атайын жолдомо менен айылдан келди. Бирок ал жерден ага “ооба жаткырабыз, бирок жок дегенде үч ай мурун кезекке турушуңуз керек” деп койду. Эки-үч күндѳн кийин ал менчик кардиологиялык оорукана бар экен, ошого эле жаткызам деп калды.

Мына оорулууларды менчик ооруканаларга түрткѳн биринчи себеби борбордогу адистештирилген күчтүү ооруканаларда ѳлкѳнүн туш тарабынан оорулуулар көп келгендиктен кезек кеч жетет. Экинчи бир себепти да ошол тууганым кѳрсѳттү.

“Баары бир мен буларга деле акча берем да, антпесе апамды жакшы карашпайт ошондуктан айырмасы деле жок. Андан кѳрѳ акчасын ачык тѳлѳп, менчиктен эле дарылатам”- деп айтты.

Бир жумадан кийин апасын кѳргѳнү ошол ооруканага да бардым. Ал менчик ооруканаларда ошол эле мамлекеттик медицина мекемелеринде эмгектенген дарыгерлер кошумча иштешет экен. Жѳн турбай алардан “дарылаганда айырма болобу” деп сурасам, “кандай айырма болмок эле дарылоо ыкмасы бир эле ” деп ачык жооп беришти. Болгон айырмасы жаткыруу шарты бѳлѳк.

Кээ бир палаталарда жалгыз жатышат, ичинде баардык шарттары бар. Коштошуп баратып тиги тууганым апасынан: “дагы кайсы дарыларды алып келип берейин” деп сурады. Ошончо акча тѳлѳгѳнү аз келгенсип, дарыларын да алып бериши керек тура. Демек, эгерде бала-чакаң тың болбосо кѳпчүлүк ата-эне мындай жерге жолой да албайт ѳңдѳнѳт.
Сапаттуу дарылай алышабы?

Ошончо акча алып жаткандан кийин менчик ооруканалар оорулууга натыйжалуу жардам бере алышабы? Бул тууралуу медициналык адистер ачык эле айтышты, эгерде жогорку квалификациялуу врачтар иштесе, аларга кѳзѳмѳл жакшы жүрсѳ натыйжа жакшы эле болот. Бирок жалаң гана пайда табууну кѳздѳп алса анда оорулууну да, туугандарын да алдап кѳз боёмочулукка ѳтүп кетиши толук мүмкүн.

КРнын эмгек сиңирген дарыгери жогорку деңгээлдеги акушер-гинеколог Шайыр Узагалиева жеке менчик тѳрѳт үйлѳрү тууралуу тѳмѳндѳгүдѳй пикирин билдирди. “Кайсы жерде, кандай врачтын көзөмөлүндө болуу — энелердин өз эрки. Бирок кээ бир учурларда тогуз ай жеке клиникаларда текшерилип жүрүп, алардын айткан суммасын төлөп, качан патологиялык оорусу күчөп кеткенде алар жоопкерчиликти алышпай койгондору кездешет. Ошол учурда аларды мамлекеттик ооруканаларга жѳнѳтүшѳт.

Бизге келгенде кеч болуп калат да, эне да, бала да кыйналып төрөттү кабыл алган акушерлер кээде күнөөлүү болуп калат.

Мындай учурда мамлекеттик бейтапканалардагы врачтардын көзөмөлүндө болсо кээ бир анализдери бекер тапшырылат, бир аз ден соолугунан өзгөрүү байкалаары менен алар ооруканага жолдомо берип ден соолукту чыңдоого аракеттенишет. Негизи мамлекеттик ооруканалар дайыма кѳзѳмѳлдѳ болуп, текшерилип турат. Жеке менчик ооруканалар кѳпчүлүк учурда эч кандай текшерүүдѳн ѳтпѳйт.

Мисалы, алар ооруканарына жаткырарда эле, эгерде патологиялык оорусу болсо андай аялдардан акырын баш тартып коюшат. Алар ден соолугу чыңдарды тандап алгандай болушат. Ошондуктан менин оюмча жеке менчик бейтапканаларга ѳзгѳчѳ медициналык кѳзѳмѳлдү күчѳтүү керек деп эсептейм.”

Албетте, баардык эле жеке менчик бейтапканалар сапатсыз деп айткадан алыспыз. Аларда деле биз жогоруда айткандай деңгээли бийик адистер эмгектенет. Бирок алардын жоопкерчилигин мыйзамдык чекте кѳтѳрүү зарылдыгы бар экендигин маектешкендер ачык айтышты.

Кандай жолдор бар?

Каалайбызбы жокпу жеке менчик ооруканалар мындан ары да ѳсѳт, ѳнүгѳт. Ошондуктан жѳндѳн-жѳн алар менен каршылаша бербей элдин саламаттыгын сактоодо алдыга жылыш үчүн оптималдуу варианттар иштелип чыгышы керек. КРнын эмгек сиңирген врачы, КРнын башкы кардиологу түштүк аймактык жүрѳк хирургия институтунун директору Калдарбек Абдрамановдун жеке менчик бейтапканалары жѳнүндѳ пикирине кайрылалы:

“Жеке менчик ооруканалар үмүт жаратпай койбойт. Себеби, аны ачкандын баары эле эптеп эле акча табууну кѳздѳгѳндѳр эмес. Мамлекет мындай жеке менчик медицина мекемелерине тоскоол болбошу керек. Мамлекет ал борборлор менен келишим түзүп, ФОМСтан акча каражатын которуп берсе болот. Ошондо колунда жок адамдар мыкты аппараты бар жеке менчик медицина борборлорунда дарылана алат. Ачык иштеп канча каражат кеткендиги кѳрүнүп туруусу керек. Ошондо эч ким мамлекетти да бейтапты да алдай албайт. Андан сырткары Кыргызстандын медициналык коомчулугу бири-бирин жакшы эле билет. Ошондуктан туура дарыладыбы же алдадыбы оңой эле көрүнүп калат. Жеке менчик ооруканаларды пайдалануудан чочубаш керек.”

Сѳз соңу

Демек, менчик бейтапканалардан таптакыр баш тартуу туура эмес. Бирок биз жогоруда белгилегендей ал жакта деле маселе толтура. Бул ооруканаларда баа тарифтерин тартипке салуу керек, бирок аны кантип ишке ашыруу мүмкүн деген суроо турат. Ушул суроолорго жооп табылганда гана жеке менчик бейтапканалар улут саламаттыгы үчүн кызмат кыла турган медициналык мекемелерге айланышы мүмкүн.

Олжобай ТОКТОСУНОВ  

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости