Кыргызстанга дарылардын 97%ы импорттолот. Бул тууралуу Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов билдирди.
“Дарыларга болгон бааны көзөмөлдөө кыйын. Биз КРдагы аймактардын бирине пилоттук долбоор киргизип, иштеп жатабыз. ЖК дарылар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдогон соң карапайым калк жаңы өзгөртүүлөрдү кандай кабыл аларын аныктап жатабыз”,-деди Департаменттин жетекчисинин орун басары.
В Узбекистане из-за нехватки воды отказались от выращивания риса
Кыргызстанда бүгүнкү күнү дарылардын түрү көп, бирок керектүү жана жакшы дарылар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Бермет Барыктабасова билдирди.
“Кыргызстандын фарма рыногунда 4000ден ашуун фарма компаниялар бар жана дарылардын таратуучу 1000ден ашуун субъекттер бар. Дарылар рыногун 200дөн ашуун чет элдик дүңүнөн сатуучулар камсыз кылышат”,-деди ал.
4000 фарма компания бар, бирок дарыларга болгон баа жогору бойдон калып, кыргызстандыктар үчүн дарылануу кымбат турууда.
ЕЭК и Камбоджа договорились создать условия для роста объемов торговли
Жакынкы арада дарылар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү күтүлүүдө. Айырмадан пайда көрүп жүргөндөр рыноктон кетүүгө аргасыз болушат.
Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөгө дарыларды пайдалуу баа менен жана көп түрүн алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
“Мындай учурда мамлекет дүйнөлүк дары чыгаруучуларды табуусу керек болот дагы, алар өлкөгө товарлардын ар кандай түрлөрүн алып келишет. Бирок мындай товар чыгаруучулар Кыргызстанга кызыгышпайт, себеби рыноктун көлөмү чакан жана мамлекеттик деңгээлде биз менен кызматташууга макул болушат деген ойдомун”,-деди Б. Барктабасова.
Вслед за Европейским союзом Россия пожаловалась на США в ВТО
Чындыгында эле жогорулатылган баа тууралуу мурунтан эле белгилүү болуп келген. Дарылар бизде базарда жогорулары жашыруун эмес.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары саясаты жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самат Тойматов бүгүнкү күндө алынып келинип жаткан дарылар ар кайсы дарыканаларда ар кандай баада сатылып жатат деген пикирде.
“Мисалы, анальгинди алалы, ал Баткенде 20 сом болсо, Жалал-Абадда 30 сом, ал эми Бишкекте 40 сом турат. Бул дарылар кайдан 20 сом болот, сапаттуу дарылар 40 сом болуп жатса деген суроо пайда болот”,-деди ал.
За незаконный провоз "краснокнижных" животных можно на 7 лет угодить в тюрьму
Жада калса ооруканалардагы бири-бирине жакын жайгашкан дарыканаларда дарыларга болгон баада айырмачылыктар бар.
Жаңы мыйзам качан ишке кирип, Кыргызстандын жарандары керектүү дарыларды ЕАЭБдин баалары менен алып каларын күтүү гана калды.