Бишкекте Экономика министри Алмаз Сазбаков менен Пакистан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Этзазо Ахмед жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды.
10 жыл өткөн соң Исламабадда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыгы боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 3-жыйыны болгон.
Пакистандын өкмөтү ЕАЭБ жана бир катар Азия өлкөлөрү менен эркин соода жүргүзүү аймагы тууралуу Макулдашууларга кол коюуга кызыкдар экенин билдирген.
Февралдын акырында Бишкекке Пакистандын коммерция министрлигинин делегациясы келет. Алар Евразиялык Биримдикке жеңилдиктерди алуу менен экспорттоо боюнча тажрыйба алмашуу үчүн келишет.