Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) «Панама архивинин» экинчи бөлүмүн жарыялады. Анда офшор компаниялар тууралуу жаңы фактылардан тышкары Казакстан президенти Дарига Назарбаеванын бизнеси тууралуу дагы айтылган.
OCCRP Mossac Fonseca деп аталган юридикалык компанияга байланышкан «Панама архивдериндеги» жаңы документтерди жарыялады. Журналисттердин маалыматына караганда, алгач фирма офшор компаниялардын ээлеринин дээрлик 75% аныктай алган эмес.
Жаңы документтерге ылайык, Казакстан президентинин кызы жана өлкө Сенатынын Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева 2007-жылдан бери Британ Виргин аралдарындагы Asterry Holdings Ltd. компаниясына жалгыз ээлик кылат.
Журналисттердин ырасташынча, дал ушул компания башка компаниялардын чынжырчалары аркылуу Казакстандын кондитер бизнесинин активдеринин көп бөлүгүнө ээ. Бул боюнча жиберилген суроолорго азырынча Назарбаева жооп бере элек.