Орозалива Раиса Ат-Башы районунун Бирлик айылынын Мырзакмат Самүдүнов орто мектебинин тарых мугалими:
Ат-башыдагы элдин күнү кантип өтүп жатат
Бизде Ат-башыда малчарбачылыгы жакшы өнүккөн. Мен өзүм мугалим болуп эмгектенем. Анан кошуналарымды, айыл элин алган айлыктары жок кантип оокат кылышат болду экен деген ойдо болчумун. Бирок жылдан-жылга айыл эли заманга ыңгайлашып оокат кылып жатышканына күбө болуп ичим жылыйт.
Устачылык кылышат. Апалар, кыз-келиндер шырдак шырып, курактарын жасап кол өнөрчүлүк менен акча табышат. Минтип изденип оокат кылгандарды албетте колдойм. Бир жолу биздин райондогу эле Талды-суу айылына куда тосушканы барып калдык. Тыпыйып үч келин кызмат кылып жүрүптүр. Биз бул үйдүн келиндери го деп отурганбыз. Сүйлөшө келсек ал үчөө Бишкектен атайын түрлөп тамак жасоонун курстарын окуп барышыптыр. Куда тосо турган үйдүн дасторконун титиретип туруп жасап беришет экен.
Жайкысын болсо кымыз, сүт, куруттарын сатышат. Балдарына сапаттуу жакшы кийимдерди алып беришет.
Биздин үйдүн бюджети
Өзүмдүн үй-бүлөлүк бюджетим эл катары короодо мал жандыктарыбыз бар. Эт аш кенен. Акчадан кыйналсак мал сатабыз. Айлык акым 6–7миң сомдун тегерегинде. Биз үй-бүлөнүн бюджетин биргелешип чогуу чечебиз. Тамак ашка, балдардын кийим кечесине, мектепке, үй-чарбасына, жем-чөпкө баарынан ашып калса чоӊ нерселерди алганга. Мисалы: машина, жер, стройка сыяктууларга жумшайбыз.
Тажибаева Пазилат, «Аруу Зат аял» коомдук уюмунун Баткен облусундагы жетекчиси
Кызыл-Кыялык пенсионерлердин бюджети
Мен өзүм Кызыл-Кыя шаарында турам. Кызыл-Кыянын көпчүлүк уул кыздары азыр Орусияда мигрант болуп эмгектенип жүрүшөт. Ошолор оокат кылдырып жатышат. Жалгыз жарымдарга пенсионерлерге жашоо өтө кыйын. Ушунчалык жарды абалда жашагандар бар.
Кышында абдан кыйынчылык болот. Жайында жемиштер бышып ошону сатышып оокат аштары, кийим кечелери кенейип калат.
Мен мектепте сабак берип кырк жыл эмгектенгем. КРнын эмгек сиңирген мугалимимин. 7мин сом пенсия алам. Башка мен курактуу карылардын көпчүлүгү жарыбаган пенсия менен айдан айга сүйрөлүп эптеп оокаттары өтөт. Мисалы мен пенсиямды алып Бишкеке бир келип кетсем жол киреге эле 4миң сом кетет. Дарылануу үчүн бир саноторияга барайын десең 10миң сомдон кем айтышпайт. Пенсионер катары мен дарылана албайм.
Тиш доктурга барсаң деле акча, ич доктурга барсаң деле акча. Пенсионерлерге эч кандай жеңилдик, камкордук жок. Карылардын дарыларга акчалары жетпей мындайча айтканда өлүп кала берсе деле эч кимдин башы оорубайт. Бизде мал чарбачылыгы начар. Саан уйлар аз санда. Эт кымбат. Койдун эттери кымбат. Бизде эт жеш деле кыйын.
Көмүр өтө кымбат баада. Светке, сууга, таштандыга төлөш керек. Канчалык экономдоп, өпчүлөп жашасаң деле муктаждыктарыңа жетпейт.
Салтанат Атантаева, Талас районун Көк-Токой айылынын тургуну
Таластыктар төө буурчактан тапкан киреше менен күн кечиришет
Жайында биздин айылдыктардын чөнтөгү жакшы эле калыңдайт. Анткени ар бир үйдө 20–30сотуктап, айрым чоң үй-бүлөлөр гектарлап кулпунай тигип, аны казак туугандарга сатып, жакшы киреше табышат. Бул киреше аркылуу машина алып, үй салып дегендей чоң иштерин бүтүрүп алгандар да бар.
Үлүш жерлерибизге төө буурчак, картошка айдайбыз. Төө буурчактын баасы жакшы болуп берсе ар бир үйгө жакшы киреше кирет. Биздин балдарыбыз чоңойуп калган шаарда, бир кызыбыз, турмушта. Үйдө күйөөм экөөбүз турабыз. Экөөбүз тең эле иштебейбиз. Короодо мал жандыктарыбыз менен алекпиз. Чоң кем карчыларыбызга, аш-тойлорго күзгү түшүм жарап берет. Анан короодогу эки уйдун сүтү күнүмдүк оокат тирилигибизге жарап берет.
Биздин айылдыктардын баары эле сүт өткөрүп жан сакташат. Бизде сүт комбинаты бар болгондуктан айлдыктардын сүтүн жакшы баага алып кетишет.Кыйналып баратсак мал жандыктарды сатабыз. Шаардагыдай күн сайын баарын сатып албайсың. Күзүндө эле салат, варенье, картошка, сабиз, пиязга окшогон жашылчаларды өз огородубуздан жыйнап ороого толтуруп коебуз. Сүт, эт өзүбүздөн чыгат. Айтор жайында төккөн мандай терибиздин акыбетин кышында көрөбүз.
Мырзакулова Роза, Бишкек шаарынын тургуну
Эң керектүү муктаждыктардан акча деле артпайт
Менин күйөөм курулушчу. Өзүм болсо косметика саткан дүкөндө реализатор сатуучумун. Жолдошум 25–30миң сомдун тегерегинде, мен 15миң сом эмгек акы алабыз. Төрт балабыз бар. Улуу кызым студент. Калгандары мектеп окуучулары. Жолдошум экөөбүз эмгек акыбызды алаарга саналуу күндөр калганда бул айга өтө муктаж нерселерди кагазга жазабыз.
Балдардын, өзүбүздүн жол киребизге, азык-түлүкө, каптап көмүргө акча бөлүштүрөбүз. Мектепте окуган ар бир балабыздын акча чогултуу көйгөйу бар. Күзөтчүгө, фондко, ремонтко, кошумча китепке, концертке, театрга, майрамдарга деп акча чогултуулары түгөнбөйт. Студент кызыбыздын көйгөйү алардан эки эсе чоң. Анан жакшылык жамандык тууган туушкандардарга каттамай айтор жолдошум экөөбүз тапкан акча өп чап болуп бир айга зорго жетет.
Үй-бүлөлүк бюджетте бизде ашыкча чыгым деле жок. Баары эң керектүү муктаждыктар. Бир жылда 4жүз, беш жүз акча табат экенбиз. Бирок канча жылдан бери үйүбүздү чоңойто албай кошумча кирешени кайдан табаарыбызды ойлонуп жүргөн кезибиз.
Шаршенбек Турсунбаев Жети-Өгүз райоунун Барскоон айылынын тургуну
Киреше менен чыгашаны жакшылап эсептейбиз
Бизде үй-бүлөлүк бюджет бир чөнтөккө түшөт.Иштеген балдарым,өзүбүздүкү,байбичем пенсионер.Ушулардын баарын ортого топтойбуз анан бөлүштүрөбүз.Быйылкы жылы эмне жасайбыз.Мисалы курулуш иштерин кылсак,сыртка сарай салабызбы муну бөлүштүрөбүз. Экинчи окуган балдар бар,алардын контрагына бөлүштүрөбүз.Андан тышкары кийим-кечек,ичкен-жегенге кетет. Алма,ашпурт,абрикос,мал менен алектенем.Ошолордун жалпы үй-бүлөлүк бюджет 500000–600000 сом болот.Быйыл кайсы жумушту бүтүрүш керек.Ошол жумушка биринчи жумшайбыз.
Үй-бүлөлүк бюджетти кантип түзүү керек
Үй-бүлөлүк бюджетти түзүүдө ооз жүзүндө эмес кагаз жүзүндө жазып атайын таблица түзүп алган оң.
Кирешелер
Күйөөсүнүн кирешеси, аялынын кирешеси,кошумча кирешелер бир айда баары канча сумма үй-бүлөлүк бюджетке чогулду жазылышы керек.
Чыгашалар
Коммуналдык төлөөлөр
Интернет
Азык-түлүк
Балдар үчүн
Мектеп төлөмдөрү
Оюнчуктары
Кийим кечелери
Эс алуу парктары ж.б
Күйөөсүнүн чыгашасы
Унаа тетиктери
Тамеки ж.б
Аялынын чыгашасы
Чач тарачка
Косметика ж.б
Чыгашанын жалпы суммасын жазыңыз. Калган сумманы чоң максаттарга жумшоо үчүн карточкаңызга же сандыкчаңызга бекитиңиз. Минтип ай сайын кирешени орду менен коротуп, ашыкча чыгымдарга жол бербесеңиз сөзсүз аткарылбаган максат тилектер жүзөгө аша баштайт.
Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА