• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Облус жетекчилер арасында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча рейтинг түзүлөт

????????????????????????????????????

👁 1,280

Премьер-министр Сапар Исаков 15-январда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо тууралуу Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, республиканын калкы жашоо сапатынын реалдуу өзгөрүүсүн сезүүсү үчүн облустарды ырааттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Сапар Исаков аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча үзгүлтүксүз кеңешмелердин алкагында бардык облустар боюнча иш-чаралар планы бекитилгендигин эскертти.

Премьер-министр аталган пландардагы каралган иш-чаралардан тышкары кошумча чараларды кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы маалымдагандай, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, ал тыкыр иш-аракеттер планын иштеп чыгат.

Ошондой эле Сапар Исаков белгилегендей, Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу жыйынтыкталган соң, ал өлкө аймактарында да ишке ашырылмакчы.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев маалымдагандай, Премьер-министрдин мурдагы берилген тапшырмасына ылайык, өлкө аймактарынын социалдык инфраструктуралык жана санитардык абалын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыккан, ага ылайык, республиканын шаарларынын жана калктуу пункттарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык тазалоодон өткөрүү боюнча бир катар иш-чаралар каралууда. Тактап айтканда, көчөлөрдү жана короо-жайларды тазалоо, турак-жай жана административдик имараттардын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандыруу, жол жээктерин тартипке келтирүү, көрктөндүрүү, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү, калктуу пункттарды массалык жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүү, муниципалдык жолдорду, социалдык тармак обьектилерин жана айылдык инфраструктураны оңдоо боюнча ишембиликтерди өткөрүү пландаштырылууда.
Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, иштин натыйжалуулугун жана сапатын арттыруу, ошондой эле облус жетекчилери арасындагы атаандаштык элементин түзүү максатында, өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аймактардын рейтинги түзүлөт, натыйжада, уюштуруучулук жыйынтыктары чыгарылмакчы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости