• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Оңолбеков Алмаз Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

sab_8891

👁 1,133

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Оңолбеков Алмаз Мадылбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Борбордук аппараттын жамаатына ведомствонун жаңы башчысын тааныштыруу менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Алмаз Оңолбеков бажы тармагында зор тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

“Ал катардагы инспектордон кызматтын жетекчисине чейинки жолду басып өттү. Ал бул тармакта жалпысынан 24 жыл иштеди. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчилигинин алдында бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн көбөйтүүнү камсыздоо жана бажы тармагын жөнгө салуу абалын жакшыртуу – маанилүү милдеттери турат. Алмаз Оңолбеков коюлган милдеттерди аткара аларына ишенем”, – деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Эмгек жолу:

1993 —1994 — Мамлекеттик бажы инспекциясында бажы укугу жана эл аралык байланыш башкармалыгында инспектор;

1994 — 1995 — Бишкек бажысынын жүк бөлүмүндө ага инспектор;

1995 — 1996 — «Түндүк» темир жол бажысында ага инспектор;

1996 — 1998 — Баңгизаттардын аткезчилигине каршы күрөшүү жана Бажы эрежелеринин бузулушу боюнча аймактын борборунда инспектор;

1998 — 2001 — Токмок бажысында инспектор;

10.04.2001 — 14.05.2001 — Мамлекеттик бажы инспекциясында Бажы эрежелеринин бузулушун изилдөө бөлүмүндө ага инспектор;

14.05.2001 — 26.06.2002 — «Түндүк» темир жол бажысында Баңгизаттардын аткезчилигине каршы күрөшүү жана Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүндө жетекчи;

26.06.2002 — 27.09.2003 — «Түндүк» темир жол бажысында Баңгизаттардын аткезчилигине каршы күрөшүү жана Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүндө башкы инспектор;

09.2003 — 05.2005 — Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүндө ага инспектор;

05.2005 — 09.2005 — Мамлекеттик бажы инспекциясында Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүндө жана Улуттук байланыш түйүндөрүндө аткезчиликке каршы күрөшүүнү иликтөө бөлүмүндө башкы инспектор;

09.2005 — 05.2007 —Мамлекеттик бажы инспекциясында Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүндө жана Улуттук байланыш түйүндөрүндө аткезчиликке каршы күрөшүүнү иликтөө бөлүмүнүн башчысы;

05.2007 — 12.2007 — Мамлекеттик бажы комитетинде Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүнүн иликтөө бөлүмүнүн башчысы;

12.2007 — 09.2009 — «Манас» бажысында аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси;

09.2009 — 12.2009 — Кара-Балта бажысында бажы документтерин толтуруу борборунда бөлүм башчы;

12.2009 — 02.2011 — Кара-Балта бажысында бажы документтерин толтуруу борборунey бөлүм башчысы;

2011 – 2013 — Борбордук бажыда Бажы эрежелеринин бузулушун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси;

2013 — 2015 — Мамлекеттик бажы кызматында Тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү;

2015 — 2016 — Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында Төргөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү;

02.2017 — 10.2017 — «Манас» бажысында аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

10.2017 — 04.2018 — «Түндүк» бажысында ыкчам бөлүмдүн башчысы.

2018-жылдын 14-майынан тарта Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости