• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Нургазы Токтоналы уулу: Күнөскана иштетүү чоң киреше алып келет

dsc_4634

👁 2,210

Азыркы учурда коомдун өнүгүшү менен кышында, эрте жазда жана кеч күз убагында күнөскана куруп жашылча-жемиштерди өстүргөн дыйкандарыбыздын саны өсүүдө.

Чакан күнөсканадан түшкөн каражат каатчылык шартында үй-бүлөлүк бюджетке кошумча киреше алып келген жакшы бизнес болууда. Бирок анын түйшүгү оор экенин баарыбыз эле биле бербейбиз.

Жаш болсо да көп ийгиликке жетишип, ишкерликтин көзүн билген Бишкектин тургуну 22 жаштагы Нургазы Токтоналы уулу күнөскана куруп, аны иштетүүнүн сырлары менен бөлүштү.

Күнөскана куруп ишетете баштаганыңызга канча жыл болду?

Күнөскана иштетип баштаганыма үч жылдын жүзү болду. Үч жыл аралыгында ар кандай түрдөгү күнөскана иштетип көрдүм. Учурда 17 сотых жерде бадыраң бар. Андан үч күндө бир 250–300 килограммга чейин түшүм алып, Бишкектеги “Дыйкан” базарына сатабыз.

Баасы кышында январь айларында 190 сомго чейин чыкса, апрель, май айларында 50–60 сомго чейин түшөт. Башка өсүмдүк өстүрүп көргөн жокмун. Анткени башка өсүмдүктөрдүн түшүмү аз болуп калат. Ал эми бадыраңдын түшүмү мол болуп, тез бышат. Өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз бар. Алар бизден 180–190 сомдон алып, дүкөндөргө 250 сомго чейин өткөрүшөт.

Тактап айтканда, ортомчулар 60 сомго чейин пайда көрүшөт. Бирок сатууга келгенде да кыйынчылыктар пайда болот. Анткени арзан баада сурашат. Эгер биз арзан баада өткөрүп жиберсек, кеткен чыгымды актабай калат. Себеби, биз өстүргөн бадыраң накта экологиялык деп эсептелет. Себеп дегенде химиялык заттар колдонулбайт. Ата мекендик өнүм деп аталат. Ал эми муну кардарлар түшүнбөйт. Анткени Казакстан, Кытайдан келген бадыраңды Кыргызстандан чыкты деп арзан сатышат.

Чындыгында андай эмес, даамы, сортунан эле билинип турат. Убакыттын өтүүсү менен органикалык продукция менен химиялык продукциянын сапаттын жарандар айырмалап билип калышат. Анткени өкмөт ишкерлерден органикалык өнүм өндүрүүсүн талап кылууда. Кыргызстандын базарлары 70% органикалык продукцияга өтсө, биздин бадыраңга суроо-талап жогорулайт.

Күнөскана куруу идеясы кайдан келди?

Мен буга чейин куруучу болуп иштегенмин. Иштеп жүргөн учурумда “Поликарбонат” деген курулуш материалына көзүм түштү. Аталган курулуш материалын жакшылап изилдеп, андан күнөскана курса боло турганын билдим. Атайын Россияга күнөскананын “поликарбонаттын” алып келүүгө бардым. Ал жактан чоң-чоң күнөсканаларды көрүп кызыгуу пайда болду.

Алгач 1 сотых аянтка “поликарбонат” курулуш материалын жарнамалоо үчүн күнөскана курдук. Бир сотых аянттан мол түшүм алып, жакшы киреше тапса болооруна ишендим. Бүгүнкү күнгө чейин 2 гектардан ашык аянтка күнөскана куруп саттым. Азыр 17 сотых аянтка куруп иштетип жатам. Бул күнөскананы куруу үчүн өзүм каражат топтоп, жетпегенин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 15 миң доллар насыя алып курдум. Жалпы, 55 миң доллар каражат сарпталды.

Күнөскананы иштетүү кылдаттыкты талап кылат. Тактап айтканда, “мээримиңди” төгүп өстүрүү зарыл. Анткени аябай “назик” болот.

Сиздин күнөскананы көрүп кызыккандар барбы?

Кытайлардын күнөсканасынан “көчүрүп” алганбыз. Мындай күнөсканалар Кыргызстанда аз. Эң алгачкылардан болуп биз курганбыз. Бул күнөсканага кызыккандар абдан көп. Анткени терезелеринин ачылуусу, жылуулукту сактоочу техникасына чейин “автоматтык” түрдө өз колум менен жасаганмын. Тактап айтканда, бир баскычты басканда баардык терезелери ачылат.

Анын ар бирин ачып отуруунун кажети жок. Эгер күнөскана куруп бер деп кайрылган кардарлар болсо, куруп беребиз. Куруу иштеринде бир топ иш алып барабыз. Анткени көп жумушту талап кылат. Азыркы учурда күнөскана курдуруу үчүн кезекте турган кардарларым бар. Мен бир дагы жолу ТВ же Радио аркылуу жарнама кылган жокмун. Кардарларым бири-биринен угуп отуруп көбөйүүдө.

Башка күнөканалардан айырмачылыгы эмнеде?

Башкалардан айырмачылыгы кышкы күнөскана болуп саналат. Сыртта 250 суук болуп турса дагы ички жылуулукка тоскоол боло албайт. Анткени күндүн нурун “поликарбонат” абдан жакшы өткөрүп берет. Дагы бир өзгөчөлүгү органикалык.

Эч кандай химиялык кошулмасы жок өстүрүлөт. Жерге 20 сантиметр бийиктикте тактай орнотуп ошонун ичине тоонун кара топурагына кадимки эле малдын кыгын аралаштырып бадыраңдын көчөттөрүн отургузабыз. Ал эми целофан менен курган күнөсканалар суукка туруштук бере албайт жана кандай өсүмдүк болсо да бышпай калат.

Кандай сорттогу бадыраңдар? 

Үч жылдан бери “цедрик” сортундагы бадыраң өстүрөм. Аны Бишкектеги “Голландский семена” деген фирмадан алабыз. Ал жакта өсүмдүктүн жакшы сорттору бар.

Күнөскана иштетүүнүн биз билбеген сырлары менен бөлүшсөңүз?

Күнөскананы июнь-июль айларында токтотуп коюш керек. Анткени ал учурда кандай өсүмдүк болбосун баары бышып, арзанчылык болуп турган кез. Ал эми күнөскана жакшы болсо кышында токтотпоо зарыл. Мисалы, менин күнөскана иштетүү сырым; сентябрь айында эксем, ноябрь айына бышып даяр болот. Аны жаңы жылга чейин кармайм.

Ал учурда эң акыркы түшүмдөрдү кымбат баада сатам. Акыркы түшүмдү жыйнап аткан учурда экинчи көчөттөрдү даярдап коем. Эскисин жулуп дароо жаңысын отургузам, ал кайра февраль айында түшүм берет. Орто эсеп менен 150 сомдон, үч күндө бир 250 килограмм бадыраң сатсаң 37 миң 500 сом киреше түшөт. Ал эми бир айлык киреше 375 (үч жүз жетимиш) миң сом пайда таба аласың. Бирок мындай кирешенинда түмөн түйшүгү бар экенин эстен чыгарбоо керек.

Сиздин курулуш компанияңыз бар деп уктук. Кененирээк маалымат бере кетсеңиз?

“Агро-Курулуш” компаниясы деп аталат. Аталган компания жаңы ишке кирип жатат. Ишкерлер менен иштешебиз. Күнөскана куруу тууралуу кеп-кеңештерди жана ошол эле учурда буйрутма бергендерге куруп дагы беребиз.

Наргиза Өмүрбек кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости