Улуу муунду улай жаш, билимдүү экономика серепчилери да өсүп, коомго пикирлерин билдирип турганы кубандырат.
Алардын бири Нүргүл АКИМОВА президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктап, аспирантурасын жактап, Улуттук илимдер академиясынын Ж.Алышбаев атындагы экономика институнун “Экономика” илимий журналында редактор, КР президенттик аппаратынын каржы-экономикалык талдоо, мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүндө эксперт ж.б экономикалык тармактагы кызматтарды аркалап келет. Экономикабыздагы өсүшүбүзгө да мүчүлүштүгүбүзгө да анализ жүргүзүп, көзүбүзгө сая көргөзгөн билимдүү кыздарыбыздын бири.
– Нургүл айым, “2017-жылы өлкөбүздө экономикалык революция болду” деп белгиледиң. Өткөн жылы экономикалык абалыбыз кандай жыйынтыкталды?
– 2017-жыл негизинен жакшы жылдардын бири болду. Анткени адаттагыдай эле Улуттук статистика комитетинин баамында, бул жылы экономикабыз өсүш көрсөттү. Өнөр жай тармагы 2017-жылдын январь-ноябрында өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн өсүшү металл рудаларын казууну 4,0 эсеге, тазаланган муңайзат продуктуларын 32,8 пайызга, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүнү 18,9 пайызга, негизги металлдарды 4,8 пайызга, ошондой эле тамак-аш азыктарын, анын ичинде консерваланган жашылча-жемиштерди 2,4 эсеге, кантты 1,5 эсеге, ун жана акшакты 23,9 пайызга, сүт азыктарын 9,7 пайызга көп өндүрүүнүн эсебинен болду.
Ошону менен бирге айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмүнүн өсүшү союлуучу малдын жана канаттуулардын этин (тирүүлөй салмакта) 1,7 пайызга, сүттү 2,0 пайызга жана жумуртканы 8,6 пайызга көп өндүрүүнүн эсебинен мал өстүрүүчүлүктүн продукцияларын өндүрүүнүн 2 пайызга көбөйүшү, ошондой эле жашылчаларды 1,8 пайызга, картошканы 2,0 пайызга, кант кызылчасынын тамырын 5,6 пайызга, дан буурчак өсүмдүктөрүн 4,9 пайызга, арпаны 1,6 пайызга, дан үчүн иштетилүүчү жүгөрүнү 0,7 пайызга көп өндүрүүнүн эсебинен өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын 1,6 пайызга көбөйүшү менен шартталды.
Курулуш тармагында алда канча жылыштар бар. Негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүшү пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), дүң жана чекене соода, мейманкана жана ресторандар, маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, саламаттык сактоо, башка тейлөө ишмердигинин, ошондой эле турак жай курулушунун объекттеринин курулушунда белгиленди.
2017-жылдын башынан баштап керектөө бааларынын республика боюнча өсүшү 2,9 пайызды түздү.
– 2018-жылы кандай жылыштар болот. Биздин экономикалык абалыбыз Кумтөргө байланыштуу дегенге кандай карайсың?
– Байланыш сөзсүз түрдө бар. Бирок, бир гана Кумтөрдөн көз каранды дегенден алысмын. Кумтөрдүн ишинин натыйжасы эң көп дегенде ички дүң продуктунун 7–8 пайызын түзөт. Албетте, Кумтөр жана башка тоо-кен тармагында иштеген мекемелеринин иши көптөгөн мамлекет үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Негизинен мындай фабрикалар жумуш орундарын түзүп, казынага салык түшүүсүнө көп жардамы тийет.
2018-жыл менин билишимче, Кумтөр үчүн кадимки эле акыркы 5–6 жылдардын бири болот. Кумтөр кенин иштеткен мекеме өз программасын ачык сайтка илген, ал жерде 2020-жана 2025-жылдарда өзгөрүүлөр каралган.
– 2018-жылы азык-түлүк кымбатташы күтүлбөйбү? Доллардын курсу кандай болот?
– Негизинен баалардын жана тарифтердин өсүүсүнө кескин деле негиз жок. Баалар экспорттук-импорттук операциялардан, трансферттерден жана экономиканын өсүү темпинен көз каранды. Бийлик өкүлдөрүнүн экономиканын ар кайсы тармактарында программалык негизде иш алып барган аракеттери көрүнүүдө. Албетте өтө күчтүү көзөмөлдөө бизнес чөйрөсүнө зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан менин жеке оюм, ишкерлер мотивациялык чараларды көрсө туура болмок. Базар экономикасы мамлекеттик саясаттан көз каранды.
– ЕАЭБ менен биримдигибиз улана береби? Мындан аркы кызматташуубузга пикириң уксак?
– Негизинен ЕАЭБ алкагында көп мыйзам түрүндө иш жүргүзүлдү. Бирок, ишкерлер үчүн бул өзгөрүүлөр кандай сезилди – бул башка суроо. Техникалык регламенттердин жана башка жөнгө салуучу мыйзамдардын таасири дагы бир нече жылдан кийин толук кандуу билинет болуш керек.
Ал эми статистиканы карай турган болсок, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Экспорттун темпи импортко караганда алда канча күчтүү.
Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга 58,1 пайыз жана Казакстанга 39,7 пайыз туура келген.
– “Экономикалык иш орундарын камсыздап, дүйнө жүзүндө 2030-жылы 400 млн. жасалма интеллект пайда болот” деген пикирлерге көз карашың?
– Илим жана техниканын өнүгүүсү жаңы деңгээлге чыкты десек болот. Көбүнчө иш орундарын робот жана жасалма интеллектинин продуктулары алмаштырып, чыгарган өндүрүштүн продукциялары алда канча сапаттуу жана арзан болуп калды. Эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө ишенсек, 2030-жылы дүйнөдө 400 миллионго жакын иш орун бошотулат. Көбүнчө бул иш орундар техникалык жактан оор (механикалык) жумуш орундарын бошотот. Анткени жылдан жылга мекемелердеги жабдыктар, тетиктер автоматташтырылып, адамдарга механикалык эмес иш орундар калып атат. Билим берүү системасы да буга жараша өзгөрүп атат, эгер мурун бир профилди үйрөтсө, азыр көбүнчө чыгармачыл инсандарды даярдоо аракетин көрүшөт. Мунун себеби, келечек тапкыч жана лидерлердин заманы болот. Жаңылыктарды чыгармачыл изденген адамдар жаратат.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА