–Быйыл дыйкан, фермерлерди колдоо ирээтинде берилген кредиттер боюнча айтсаңыз?
–Республикабыздын бардык дыйкан, фермерлерине жана кайра иштетүү тармагында эмгектенген ишкерлерге өкмөт тарабынан жана министрликтен мүмкүнчүлүккө жараша колдоо көрсөтүлүүдө. 2017 жылдын 3-февралында № 58 «Айыл чарбасын каржылоо-5» токтому кабыл алынган. Токтомдун негизинде алты коммерциялык банктар тарабынан ушул жылдын 5-октябрына карата айыл чарба тармагында эмгектенген 12491 чарбага бардыгы 5 389 872,2 миң сом кредит берилди. Анын ичинен 5 242961,23 миң сом күрөө коюлуп 12272, күрөөсүз 146 911,00 миң сом 219 республикабыздын чарбаларына жеңилдетилген насыяларды алышты.
Берилген насыяларды тармактар боюнча алып карасак:
–дыйканчылыкка – 890 754,56 миң сом;
–мал чарбасына – 3 496 296,67 миң сом;
–айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө – 1 002 821,00 миң сом.
Берилген насыяларды Банктар аркылуу бөлүп караганда:
–ААК “Айыл-Банк” бардыгы 2 108 154,2 миң сом;
–ААК “РСК Банк” бардыгы 1 217 644,0 миң сом;
ЖАК “КICB” бардыгы 557 557,7 миң сом;
ААК “Кыргызстан” бардыгы 549 267,2 миң сом;
ААК “Бакай Банк” бардыгы 199 404,0 миң сом.
ААК “Оптима Банк” бардыгы 757 845,0 миң сом.
Банктар аркылуу бардыгы 12491 насыя берилген, анын ичинен дыйканчылыкка — 2516 же 20,1 %, мал чарбасына — 9765 же 78,2 %, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө — 210 же 1,7 %.
Айыл чарба тармагында техникалар жетиштүүбү?
–Бардык иштеп жаткан лизингтик долбоорлор боюнча жылдын 9 айы ичинде айыл чарба субьектилерине 339,0 млн. сомго 238 даана ар кандай айыл чарба техникасы берилген. Анын ичинде тракторлор — 123 даана, 11 эгин жыйноочу комбайн жана 104 даана айыл чарба машиналары түздү. Мындан тышкары ЕАӨБ каражаттарын кошо алганда — КР Өкмөтү жана Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимге ылайык, ЕАБР долбоору боюнча 133 даана техника лизингке берилген. Бул долбоор боюнча айыл субъекттерине 2014-жылдан бери бардыгы 524 даана техника 637,1 млн.сомго берилди. ЕАӨБнын лизинг долбоору – бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларын, жабдууларды ижарага алууда мүлк наркынын 10% өлчөмүндө дыйкандар алгачкы салым кошкон ири долбоор болуп саналат. Ошондой эле менчик, муниципалдык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу машина-трактордук станциялар тармагын түзүүгө, техникалык тейлөө ишканаларын өнүктүрүүгө департамент тарабынан да өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Муну менен катар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуулар да жүрүүдө. Айыл чарба техникасын сатып алуу жана аны андан ары айыл чарба субьектилерине лизингке женилдетилген шарттарда өткөрүп берүү үчүн Кыргызстан тарабынан өнөктөш катары «Айыл Банк«ААК сунушталды.
–Кыргызстан Бажы биримдиктин мүчөсү катарында дыйкандарга кандайдыр бир жеңилдиктер байкалуудабы?
–Айыл чарба тармагында замандын талабына жараша жер семирткичтер, тамчылатып сугаруу жана башка иштеринин абалы кандай? Мындай керектөөлөрдөн дыйкандар жетиштүү камсыз болуудабы?
- Өлкөдөгү минералдык жер семирткичтерге болгон эсептик жылдык керектөөсү 340 миң тоннаны түзөт.
-
- азоттук 200,0 миң тонна
- фосфордук 129,0 миң тонна
- 11,0 миң тонна калийдик жер семирткичтер.
Орточо эсеп менен республикага жыл сайын 90дон 120 миң тоннага чейин минералдык жер семирткичтер ташылып келинет.
2017-жылдын 6-октябрына карата өлкөгө 118,6 миң тонна минералдык жер семирткич алып келинди.
–Кыргызстанда фитосанитардык лабораториялар толук иштеп жатабы?
–Республика боюнча төрт фитосанитардык лаборатория иш алып барууда. Борбордук жана Ош фитосанитардык лабораториялары аккредитациядан өткөрүлгөн. Ошондой эле Талас жана Ысык-Көл облустарындагы фитосанитардык лабораториялары ушул жылдын 9-март жана 1-июнь айларында ачылышы болуп ишке берилген. Ага өлкө бюджетинин эсебинен бардыгы болуп 22 183602 сом акча каражатына капиталдык оңдоп түзөө жана заманбап эмеректер сатылып алынган.
–Жергиликтүү дыйкандарга сууну үнөмдүү пайдалануу же тамчылатып сугаруу жаңы ыкмалары боюнча маалымат кеңири таратылдыбы?
Ошондой эле жер-жерлерде окутуу семинарларын «Капля Плюс» айыл чарба кооперативи менен биргеликте Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунда райондук деңгээлде, ал эми Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Томат kg» ачык акционердик коомунун базасында республикалык деңгээлде болду.
Жогоруда аткарылган иштердин жыйынтыгында республика боюнча 2017-жылдын 1-октябрына карата 904 чарбакер субьектиси 2221,5 га жерге тамчылатып сугаруу системасын орнотушуп, 2016-жылга (623 даана) салыштырмалуу 281 чарбага жана ээлеген аянты (1815,2 га) болсо 406,3 га чейин көбөйгөн.
–Министрлик күнөскана куруп жаткан дыйкандарга кандай көмөк көрсөттү?
Негизинен Кыргызстанга Кореяда, Кытайда жана Орусияда чыгарылган күнөсканалар курулуп иштеп жатат. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе көпчүлүк дыйкандар өздөрү колдо болгон тетиктер менен жөнөкөй күнөсканаларды жасап алып иштетип келишүүдө.
Негизинен күнөсканаларда помидор, бадыраң, жашылчалар жана алардын көчөттөрү өстүрүлүп, республиканын ички базарларында сатылууда.
–Республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышынын баасы 2016-жылга салыштырмалуу кандай?
–Республика боюнча айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы быйылкы жылдын январь-сентябрь айындагы иш жүзүндөгү баалар менен эсептегенде 158095,5 млн сомду түздү. Өсүү темпи боюнча 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 100,8% болду. Анын ичинен мал чарбасы боюнча 102,1% (70115,4 млн.сом), ал эми талаачылык 99,8 % (83990,0 млн сом) түздү.
Наргиза Өмүрбек кызы