Орусиялык «Агропарк» компаниясы Орусиянын Сибирь федералдык аймагында азык-түлүк тармагындагы тамак-аштарды дүң жана чекене сатуучу борборду ачууда. Ал жакта сүт-эт азыктары, жер жемиштерди , кондитердик азыктарды, жана башка азык түлүктөр сатылат.
Соода борбору эки кабаттан турат, аянты 18000 чарчы метр. 1-кабатта ар дайым жер-жемиштер дүң жана чекене сатылат; 2-кабатта көргөзмө Showroom (соода үйү) болот деп каралууда. Анда Орусия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын азык түлүктөрүнүн үлгүлөрү көргөзүлөт.
Ижара акысы 1 чарчы метри үчүн 1500дөн 7500 рубль тегерегинде болот, жеңилдик мөөнөт берилбейт.
« Агропарк» ААКсы жергиликтүү өнүмдү сатуу үчүн кыргыз азык-түлүк тармагына өндүрүүчүлөрдү тартууга кызыкдар, ошондой эле сатуу аянттарын ижарага берүү макулдашуусуна кол коюу каралууда.
Кызыккандар болсо, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигине экспорт бөлүмүнө
export.gov.kg@gmail.com электрондук дареги аркылуу же 0312 62 38 42 номуру аркылуу байланышышса болот.
Маалымат үчүн:
18 000 чарчы метр аянтты ээлеген «Новосибирск» агропаркы – Сибирдеги дүңүнөн азыктарды сатуучу ири борбор. Ал Дмитров көпүрөсүндө, Новосибирсктин борборунда жайгашкан. Дал ушул жерде эле жүк ташуучу унаалардан товарларды түшүрүүчү аянты бар.