Жогорку Кеңеште 24-январда депутаттар “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карашты.
Парламенттин экономикалык жана фискалдык комитеттин төрагасы Нурлан Макеевдин айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бюджет кодексине ылайык келтирүү үчүн иштелип чыккан.
Экономика министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын 4-беренесине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр социалдык-экономикалык жана маданий тармактардагы мамлекеттик саясатты өткөрүүнү камсыз кылат. Ошондой эле экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий тармактагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгып, ишке ашырат.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев аймактарды өнүктүрүү боюнча иш планы барбы деп кызыкты. Анын айтымында, жакында эле мамлекет башчысынын төрагалыгы астында жумушчу топтун жыйыны болду.
Депутат Бакыт Төрөбаев аймактарды өнүктүрүү үчүн айыл өкмөттөргө тапшырма берүү керек дагы андан кийин ал аткарылдыбы жокпу текшерүү кажет. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.