Ошентип мага дагы өлкөнүн ушул бөлүгүн көрүү бактысы буйруду.
Адамды өзүнө тарткан сулуулук
Ноокат районунда жайкысын жамгыр сейрек жаайт, кышы салыштырмалуу жумшактыгы менен белгилүү. Жаз жана күз мезгилинде жаан-чачын орточо деңгээлде жаайт. Мындай климаттык шарттар дыйканчылыктын өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Так ушундай жагымдуу шарт жергиликтүү калктын жашоо-тиричилигин камсыздайт: бирок райондо жайыт жерлер дээрлик жокко эсе, андыктан мал багууга анчалык шарт жок: мал үчүн чөптү атайын өстүрүп даярдап же сатып алууга туура келет, ошондуктан көп учурда бодо малды колго багышат.
Ошол эле учурда аймакта дыйканчылык жана бакчачылык абдан жакшы өнүккөн. Ноокат районуна барган меймандарды эзилип бышып турган мөмө-жемиштери, көп түрдүү жашылчалары эч кайдыгер калтырбайт.
Айтылуу даңаза
«Сиз билесизби, жүгөрүнү дан үчүн мында акыркы жылдары гана жигердүү өстүрө башташты» –деп сөз баштады Мухтар Эрдөөлөтов, мурда бул жерде айдоо аянттарында жалаң тамеки эгилчү. Ферменттелген тамеки ал гана эмес экспортко багытталган эң негизги айыл чарба өнүмү болгон, ал эми бул аймактын өндүрүшү башынан эле жергиликтүү тамекинин жалбырагын кайра иштетүү багытына ыңгайлашкан. Мындай негизги чарбалык түзүлүш СССР убагында эле Ноокат районунун «экономикалык жүзүн» жараткан.
Азыр Ноокатта дээрлик эч ким тамеки айдабай калды, Угулай Кулбаева бул багыттагы баалуу тажрыйба жана билим жөндөн жөн жоголуп бара жатканына кейийт. «Биз түрдүү сортторду өстүрчүбүз, негизинен «Астрахань», «Дюбек» жана «Черный» деп аталган тамеки сорттору бар эле. Өзгөчө алардын арасында тамеки продукцияларын даярдоодо анын сапатын жакшыртуу үчүн колдонулган дюбек тамекиси абдан белгилүү эле. Бүгүнкү күнү үй чарбаларында тамекини негизинен насвай даярдоо үчүн өстүрүшөт, анын бир бөлүгүн өздөрү колдонсо, бир катары Ноокат, Ош жана Кара-Суу базарларында сатыкка чыгарылат», — деди Угулай сөз соңунда.
Артыкчылыктардын алмашуусу
Ноокат районунда дайым эмгекти сүйгөн адамдар жашайт: «бизди тамеки үйрөткөн» дешет жергиликтүү тургундар. «Ноокат алтын алмасы» айыл чарба кооперативинин төрагасы Абдували Исраиловдун айтымында, эми райондо жигердүү темп менен бакчачылык өнүгүүдө: «Сиздер Кыргызстанда эң даамдуу алмурут ноокаттыкы экенин билесиздерби?! Биздин ширин кызыл алмаларды кимдер гана билбейт! Ал эми жайдын алдында эң даамдуу алчалар бышат!».
«Биз үй-бүлөбүз менен алма өстүрөбүз. Мен өзүм ата кесибин улаган багбанмын десем болот. Ата-энем дагы бакчачылык менен иш жүргүзчү, мен үйлөнгөндөн тартып өз бакчамды өстүрдүм. Азыр анын аянты 20 сотых жерди түзөт, — дейт Матисма Мамаджанов. – Бакча бизди багат. Менин Ноокат базарында күзгү түшүмдү дүңүнөн сатып ала турган туруктуу кардарларым бар. Мен түшүмдү сыртка алып чыга албайм – негизинен баарын жергиликтүү базарга сатып өткөрөм. Андан сырткары, Бишкектен да соодагерлер келип дүңүнөн жыйнап кетет. Бирок алар арзан алат. Мисалы, алманын 1 кг базарда 50 сом турса, дүң соодагерлер 30 сомдон чогултат! Ал эми бакчада болсо таң азандан кеч киргенге чейин иштөөгө туура келет: ар бир бак кам көргөндү жакшы көрөт».
Ноокат базар
Мен Ноокат шаарына келип, оозумду ачып таң калып калдым – бир билген көнүмүш шаардын ордуна – бир чоң базар экенин көрдүм! Жолдун бойлору жана тротуарлардын жээктери ар түркүн даамдуу мөмө-жемиштер салынган себеттерге толгон. Ушул эле жерде ак, кызыл жүзүмдөр толтурулган себеттер коюлган! Бул өзүнчө эле керемет! Алардын катарында Оштун анары, Баткендин кургатылган кактары жайнайт.
Ноокат алмасын даамдап көрдүм. Чындыгында абдан даамдуу жана кооз. Ал эми алманын күзгү аңкыган жыты бүткүл Ноокат жергесин чулгап алгандай сезилет! «Кишинин оорубай жүрүшү жана узак жашашы үчүн күнүнө бир-эки алма жеп туруу жетиштүү!», — дейт дагы бир сатуучу.
«Мүмкүн ушул үчүн мен жолугуп сүйлөшкөн Ноокат районунун баардык жашоочулары сүйкүмдүү, маңдай жарык жана жигердүү болушса керек?!» — деп мен ойлондум.
«Анда Кара-Сууга товар кайсыл жактан келет?» «Котрабандалык товарлар да бар, чек ара аркылуу мыйзамдуу өткөндөрү да көп. Биздин райондо эл эзелтеден эле бери бири бирин таанып, достошуп келишкен».
Ооба, чындыгында Ноокат – көп улуттуу аймак. Калктын 60% кыргыздар, калганы өзбек калкы экенин айтышат. Башка улуттар дээрлик жокко эсе. Баары бири бири менен ынтымактуу баарлашып, соодасын жүргүзө беришет.
Табигый өнүм
Негизинен Ноокат – Кыргызстандагы эң жаш шаар, бирок бул конушка эң алгач 1823-жылдан тартып калк отурукташа баштаган. Ооба, мурда бул калктуу конушту эл «Эски-Ноокат» деп атап койчу. Бирок 2003-жылы «Эски» деген сөздү алынып, шаар деген ардактуу макам ыйгарылган. Учурда Ноокат шаарынын калкынын саны 15 500 кишини түзөт. Ал бир эле учурда Ош облусунун Ноокат районунун администрациялык борбору болуп саналат.
Шаар облус борбору Ош шаарынан 43 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Ноокаттан Ош шаарындагы эң жакын темир жол станциясына чейинки аралык 46 чакырымга барабар. Ошондуктан жергиликтүү тургундар көпкө сакталбай турган товарларын өздөрүнүн базарында эле сатып өткөрүүгө умтулушат.
«Бизге андан тышкары, продукцияны сактоо кампалары керек: азырынча дыйкандар район борборундагы сактоочу жайды ижарага алып иштетип жатышат, бирок ал кымбат болуп, өнүмдөрдүн баасына дагы таасирин тийгизүүдө. Кампа жайлары сатып алуучуларды издөөнү жеңилдетүү үчүн дагы керек: Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргени орусиялык ташып жеткирүүчүлөр чоң көлөм талап кыла башташты», — деди Карачач Эсенбаева.
Натуралык чарба менен жашоо же чет өлкөгө жумуш издеп кетүү керекпи?
Ооба, мен да базарда негизинен улуу муундун өкүлдөрү соода кылып иштээрин байкадым. Мага айтып бергендей, ата-энелер айдын аягында балдарынан келген акчаларды алуу үчүн жергиликтүү банктарда кезекке туруп калышат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калган. «Ар бир үй-бүлө өздөрүнүн мигрант – жакындарына орточо айына 200–300 доллар акчаны туруктуу алып турушат. Бул акчалар негизинен үйлөрдүн, сарайдын ремонтуна, кийим кечек жана бут кийим сатып алууга кетет. Көпчүлүгү топтогонду билбейт. Айрымдар «чарбачыл» келет — алар тыштан келген акчаларга улам жаңы нерселерди куруп жатышат. Андай үйлөр Ноокат районунда барган сайын көбөйүп бара жатат».
Жыйынтыгында жаңы үйлөр курулуп жатат, аймак абдан берекелүү болсо дагы жумушчу орундар жок. Мына ошондуктан ноокаттыктар туулган жеринен иш издеп башка жактарга кетип жатат.
Кайран гана берекелүү жер! Кандай эмгекчил адамдар!
Ирина Байрамукова