Ишкерлерди каржылык жактан колдоо үчүн атайын кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Бирок, аталган фонддон кыргыз ишкерлери насыя алышкан эмес. Анткени шартты катаал болуп, ишкерлерди жүдөткөн.
Бал өндүрүүчү Токторалы Жээнтаев каржылык жактан колдоого муктаж болсо да, мамлекеттен насыя албайм дейт. Жеке ишкер убагында кыргыз-орус фондунан насыя алып, төлөө келгенде бир топ кыйналган. Андан көрө өкмөт ишкерлердин товарын сатууга көмөк берсе деген ойдо.
—Ишкерликти өнүктүрүү боюнча Айыл банктан насыя алып келгенмин. Эми өкмөттөн насыя албаймын. Анткени кыйналып калдым. Эгерде кайтарымсыз берсе, анда каражат алам. Негизинен балды экспорттоо өлкөдө жолго салынып калды. Кытайлар келип алып кетүүгө кызыгуусу көбөйө баштады.
Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев өкмөт ишкерлерди кошумча нарк салыгынан бошотуп койсо, эң чоң жардам берген болоорун ырастады. Анын айтышынча, өкмөт бөлгөн каражат 10го жакын ишканага гана берүүгө жетет. Ал каражатты олигархтардын ишканалары бөлүп кетип, жөнөкөй ишкерлерге жетпейт.
—Өкмөт экспортту жакшыртууга көп эле иштерди жасап жатат. Бирок анчалык пайдасын көрө элекбиз. Анткени импорт көп болуп, өзүбүздүн продукцияны сата албай жатабыз. Баш өлкөлөр өздөрүнүн өндүрүшчүлөрүн аябай колдойт. Бизде ишкерлерди салыктан бошотуп койсо эле жакшы жардам болуп калмак.