• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Назира Джуман: Ооруп жүрүү пайдасыз жана терс көрүнүш!

img-1685

👁 3,344

Сиздерден кимдир бирөө өзүнүн ден соолугу тууралуу ойлонобу? Менимче, ден соолук тууралуу качан оору «алып жыкканда» гана ойлоно баштайбыз. Бул кыргыз турмушундагы кадыресе көрүнүш.

Качан киши ооруп баштаганда дарыгерлерге чуркамай башталат, көптөгөн акча жана невр кетет.

Бирок мынчалыкка жеткирбей коюуга болот эле да?!

Албетте, сиздер ал үчүн туура тамактанып, ден соолукка көңүл буруш керек деп айтасыздар. Бул боюнча эч ким талаша албайт. Бирок!

Бирок, эмнегедир баардыгы тең адамга күч-кубат берген негизги булактарды унутуп, көбүнчө физикалык саламаттыгына көңүл бурушат. Адам эмнеден турат? Кишинин денеси молекула, атом жана ошондой эле электрондордон турат. Ал эми электрондор бул – энергия.

Кеп эмнеде?

Кеп адамдагы баардык оорулар так ушул энергиянын тең салмактуулугу бузулган убакта оору башталаарында болуп жатат.

Мен кимдир бирөөнүн туура эмес жолго багыттоого аракет кылбайм. Анткени, эчак эле мунун баары илимий жактан далилденген.

Көп жылдар мурда советтик окумуштуу, биофизик, философ, акын жана сүрөтчү, биофизика боюнча эл аралык I конгресстин ардактуу президенти, дүйнөдөгү 18 академиянын туруктуу мүчөсү, Европанын, Американын, Азиянын университеттеринин ардактуу профессору — Александр Леонидович Чижевский люстра ойлоп тапкан.

Бул люстранын сыры бир нече ийнелердин учтарында, алар абага терс кубатталган ион бөлүкчөлөрүн таратат. Алар тирүү организмдер кубатталган бөлүкчөлөр болуп саналат. Бул биз тоодо жүргөндө дем алган кубат дал ушул.

Бирок бүгүнкү сөз Чижевскийдин люстрасы жөнүндө эмес, анын жолун жолдогондор жөнүндө болуп жатат. Тагыраак айтканда, Сергей Анатольевич Дьяченко тууралуу айтып бермекчибиз.

Мен ар кандай оорулардын алдын алуунун жана сактануунун ыкмаларын өзүмдө байкап көргөнүмдү айтып берем.

Анткени, мен 4 жыл мастопатияны ийгиликсиз дарылоону башымдан өткөргөм. Оору өтүп кетсин үчүн ар кандай түрдүү дарыларды ичип, майларды сүйкөгөм. Ал гана эмес Тибетке да бармакчы болдум.

Иондук терапия кабинети тууралуу бир таанышымдан улам билдим. Кызыгып барып көрдүм. Мен анда эмне суроо берээрди жана мени эмне күтүп турганы жөнүндө ойлонгон эмесмин. Сергей Анатольевич менин медициналык көрсөткүчтөрүмдү алып келүүмдү сурады. Биз дарылоону биринчи жумада 30 мүнөт люстра алдына жатуудан баштадык. Андан соң Сергей Анатольевич дарылоого учкун терапиясын кошту. Бул жабдууну өзү колдонууга киргизиптир.

Люстранын негизинде ал дененин энергетикалык чөйрөсүнө жана бул энергия жетишпеген учкун жок жерлерге диагностика жүргүзүлөт. Анча көп эмес кубат ар түрдүү түс менен жаркырап көрүнөт. Эгер денеде энергия жетиштүү болсо, 1,5 см аралыкта көгүлтүр түс пайда болот. Бул анча жагымдуу эмес дарылоо. Атап айтканда, электр тогу менен дарылоого окшош. Эгерде биз энергиядан турсак, демек ал энергия толуктоого эмнеге болбосун? Туура. Ошентип биз учкун менен дарылоого кириштик.

Андан эки айдан кийин мен диагностикага барып көрүндүм. Ал жактан мага мастопатия оорусу жок экенин айтышты. Мен мун укканда өз кулагыма ишенген жокмун. Бул кандайча деп?!

Ошондуктан толук көзүм жетиши үчүн маммологияга барып атайын жабдууга түштүм, ал жактан мастопатия жок экенин тастыкташты, болгону анча чоң эмес өзгөрүүлөр бар экенин, ал жаш куракка байланыштуу экенин айтышты.

19787223_10154463991211036_8671459653452582008_o

Дьяченконун кабинетине бара баштагандан мен сергек тартып, оңолуп калдым. Бир дагы жолу жугуштуу оорулар менен ооруганым жок. Жакшы, түстүү түштөрдү көрө баштадым, негизи эле уйкум жакшы болуп калды.

Дьяченко учкун менен дарылоодон сырткары, тазаланган сууга кошо турган ар кандай аралашмалар бар. Бул аралашмалардын даамы ар түрдүү жана ар башка топтор үчүн арналган.

Менин көзүмчө бир жолу жөтөлдөн дем ала албай калган аял келди. Доктору бир нече күн ичинде аны өзүнө келтирди, эми ал балдары менен келе баштады. Анткени, балдар шаарда булганган аба менен дем алышат. Өзгөчө балдардын бою унаалар түтүн чыгарган деңгээлде болгондуктан көп зыян тартышат.

Дьяченко Орусиянын илимдер академиясынын профессорлору жана академиктери менен дайыма кеңешип турат, Москвага барып турат, жаңы технологияларды алып келет.

Ал эркектин күч-кубатын чыңдоо үчүн, мисалы, «Витафон» жана ЭДМА каражатын алып келген. Мунун баары биохимия менен түздөн түз байланышта, эгерде бизде кеңири таралгандай, медицина дарылоо дайындап, дарт аныктоо жүргүзсө, Дьяченко комплекстүү мамиле менен иш алып барат. Ал адам денеси бирдиктүү тутум экенин, кайсыл бир органды өз алдынча бөлүп дарылоого болбой турганын айтат.

Биофизик билдиргендей, Чижевскийдин ойлоп табуусун жөнү жок жерден четке жылдырып, унутуп коюшкан. Акыркы убакты люстарадан акча жасоого да аракеттер болуп жатат, бирок коммерциялык максатта сунушталып жаткан люстралар чыныгы жабдуу менен эч кандай окшоштугу жок, ал үчүн алар тиешелүү өлчөмдө жана белгилүү бир техникалык параметрлерге туура келиши керек.

Сергей Анатольевичтин бейтаптарынын арасында 100 жашка чыккан карыя бар. Ал Дьяченкодон 20 жыл мурда дарыланган, бүгүнкү күнү да тирүү жана дени сак жүрөт.

Демек, өзүн энергия менен кубаттандыруу чындык. Эгерде энергия жыйырма жылга жете турган болсо, анда адамдын жашоосун улантууга эмнеге болбосун!

Башкаларга кандай экенин билбейм, бирок мен Бишкекте баардык адамдардын ден соолугу чың болушун кыялданган адам бар экенине абдан ыраазымын. Ден соолук жайында болсо, ошондо адам иштегиси жана алдыга өнүккүсү келет.

Эгерде биздин коомдун ден соолугу жакшы болсо, анда жеке инсандык жана материалдык да өнүгүүгө көңүл бурулат. Анткени, андан бир гана коомчулуктун эле эмес, жалпы мамлекеттин жана анын экономикасынын абалы көз каранды.

Назира Джуман.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости