Кыргызстанда аялдардын ишкерлик менен алектенип жатканы жаңылык деле эмес. ЭКОНОМИКАнын коногу өндүрүш тармагынын өкүлү Назгүл Каарова болду.
–Биринчи кезекте айтсаң бизнес менен алек болуу идеясы кайдан келди, буга эмне түрткү болду?
–Мунун баары жөн жерден болгон жок, мен бул максатка жетүү үчүн узак жол бастым. 18 жашымда өзүмдүн брендим болсо деп максат кылчумун, менин кийимимди мода көргөзмөлөрүнөн көрсөм деп тилек кылчумун.
- Кайсы жылы кийимдериң чыгарылары тууралуу чечим кабыл алдың?
- 2012-жылы биз улуттук кийим тиккен салон ачтык. Андан кийин мен бул меники эмес экенин түшүндүм, аял заты күнүмдүк жашоосунда дагы кийе ала турган кийим тигишим керек экенин билдим. Мен баардык багыттар боюнча иштеп, жаңы образдарды түзгүм келди. Аял затына ыңгайлуу кийим тигип, айымдар каалаган кийимин тандоосуна көмөктөшүүнү максат кылдым.
–Көпчүлүк бизнес ачууну ойлонгондо маселе дароо каражатка келип такалат эмеспи. Сен канча сумма менен баштадың эле?
- Жолдошумдан 30 миң сом карыз алып баштагам.
- Демек, иш баштоо үчүн миңдеген доллардын кереги жок экен да? Ишти эмнеден баштадың эле?
- Үйдө тигүүчү машинка бар болчу. Кичинекей балам да бар эле. Алгач үлпөт көйнөктөрүн тигип баштадым. Кийинчерээк кардарларым көбөйүп көп көйнөк тигүүгө туура келди.
- Көйнөктөрүң көпчүлүккө жакчу беле?
–Ооба, кийин мен жардамчы алууну чечтим.
- Өз ишиңди баштоо үчүн жакындарыңдын колдоосу керек бекен?
–Ооба, алгач аларды иштеген ишиң жемиштүү болуп, киреше алып келерине көндүрүшүң керек. Алгач ушуну тастыктап берүү керек. Бул өтө оор, себеби бизде аял киши үйдө отуруп, бала тарбиялоо керек деген менталитет бар.
- 4 бала менен кантип баарына жетишесиң же жардамчыларың барбы?
–Алгач эч кандай жардамчыларым жок эле иштечүмүн. Кээде апам жана кайын энем жардам берчү. Бат-бат кыймылдоо керек болчу. Тез тамак жасап, балдарды тез жуунтуп дегендей…
- 30 миңден баштаптырсың, азырчы? Ижараны, салыктарды жана кездемеге кеткен каражаттарды эсептегенде канча каражат иштетесиң?
–Эгерде баарын санасак болжол менен 10 миң доллар.
- Сен миллионер турбайсыңбы, мындай ийгиликке канча убакта жетиштиң?
- 2–3 жылда. Бул жылдар аралыгында 2 бала төрөдүм. Төрөбөсөм балким мындан да көп болмок, бирок…
–Дүйнөлүк деңгээлге чыгуу планда барбы? Ал үчүн товар айлануу көп болуп, кийимдер эксклюзив болушу керектигин түшүнөсүң да? Сенин өзгөчөлүгүң эмнеде?
–Биздин өзгөчөлүгүбүз моданын кандай тармагы болбосун бат көнүп, бат алып кетебиз. Бизде үлгүлөр өтө көп жана идеяга байбыз.
- Кыргызстанда кимди атаандашым деп санайсың? Дилбардыбы?
- Жок Дилбарды атаандашым деп санабайм, себеби ал алдыда. Мен эч кимди деле атаандаш катары көрбөйм, бирөө менен жарыша берүүнү жактыра бербейм.
- Кеп жарышта, атаандашууда эмес да, ар бир уздун өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү болсо керек. Жада калса тарыхты карасак деле Кайра жаралуу доорунда улуу сүрөтчүлөр деле ич ара атаандашып келишиптир.
–Андай болсо бизде атаандаш көп деп айтсам болот. Азыр «этно» үлгүдө кийим тиккендер көп. Буга карабастан бизге гана тиешелүү, кайталангыс нерсебиз бар деп санайм, мисалы өзүбүздүн кардарларыбыз, аудиториябыз бар.
- Кардарларыңар көп болсо демек алардын каалоолорун дагы билесиңер да?
- Албетте. Кардар келери менен эле ал менен көп сүйлөшүүгө, жакындан таанууга аракет кылам.
–Кардар башкача көрүнгөнү менен сүйлөшө келгенде такыр башка адам экенин билген учурлар болобу?
–Албетте болот. Кээде кардар келип “ушундай” болсун дейт, биз аларга кандай кийим жарашарын айтып беребиз, натыйжада бир чечимге келебиз.
- Кыргызстандын жеңил өнөр-жайынын келечеги барбы?
- Келечек өзгөчөлүктөр болот деп ойлойм. Аялдардын көбү эле өзгөчө болууну каалашат. Көпчүлүк айымдар элдин көбү кийген кийимдерди алгысы келбейт.
Аялдар уюмдарынын айымдардын потенциалын жогорулатуу боюнча активдүү иштеп жаканы жемишин берип баштады. Ар бир аймакта айымдар ачкан чакан ишканалар пайда болду. Аялдар баардык тармакта иштин майын чыгарып жасоодо.
Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстандын аялдарында өз ишин баштап, өнүгүүгө көп мүмкүнчүлүк бар экени кубандырат.
Назира Жуман