• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Наталья Касперская биткоинди жаратуучуларды атады

11

👁 654

InfoWatch компаниясынын башкы директору жана «Лаборатории Касперского» компаниясынын негиздөөчүсү ИТМОдо (маалыматтык технологиялар, механика жана оптика университети) сөз сүйлөп жатып биткоинди жаратуучулардын бири Сатош Накамотонун артында “америкалык криптографтар тобу” турарын билдирди. Ал эми криптовалютаны америкалык атайын кызматтар иштеп чыкканын NEWSru.com жазып чыкты.

InfoWatch компаниясы ИТМОдо «ИТМО-Инфовотч» деп аталган окуу борборун ачууда. Университетте 18-январда борбордун ачылыш аземи болду, анын алкагында Касперская сөз сүйлөдү. Анын презентациясынан слайддарды ИТМОнун информатика жана прикладдык математика кафедрасынын доценти Ирина Радченко Facebook түйүнүндөгү баракчасына жарыялады. Постко «Дождь» көңүл бурган.

Касперскаянын презентациясы “Заманбап технологиялар – маалыматтык жана кибер согуштун негиздери” деп аталган. АКШдан кибер көз карандысыз болууну каалагандардын арасынан Кытай мисал катары алынган. Европа жана Япония санарип көз карандысыздыктан баш тартып АКШнын жолу менен бара жатканы айтылат анда.

Слайдда биткоинди МММ менен салыштырган. “Акча чыгаруу акча салуудан алда канча аз болот”. “Биткоин – америкалык атайын кызматтар иштеп чыккан нерсе, аны АКШДагы, Англиядагы, Канададагы жана башка өлкөлөрдөгү чалгындоолорду каржылоо үчүн ойлоп табышкан. Интернет катары GPS, TOR менчиктештирилген. Факт жүзүндө доллар – 2.0. Курстун көзөмөлдөөнү биржалардын ээлери колго алган”,-деп жазылат слайдда.

Биткоин болсо япониялык Накамото тарабынан ойлонуп табылган. Анын артында америкалык криптографтар турары материалдарда жазылган.

Касперская маалыматтык коопсуздук катары телефондорду дагы караган. Смартфон колдонуучулардын жеке буюму эмес. “Аны алыстан туруп ойлоп табуучулар көзөмөлдөй алышат”.

Касперская 2016-жылдын ноябрында орусиялыктардын интернеттеги активдүүлүгү тууралуу маалыматтар мамлекетке тиешелүү болушу керектигин билдирген. Ал президенттик администрациянын «ИТ + Суверенитет» жумушчу тобуна кирет.

2014-жылдын апрель айында Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын ЦРУсу пайда болгондон тарта интернет дагы өнүккөнүн билдирген болчу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости