Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитет кечээ, 21-майдагы жыйынында “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, жогорку окуу жайларында келишимдик негизде акы төлөп окуп жаткан студенттердин окуусуна деп жеңилдетилген субсидия берүү демилгеленүүдө.
“Бул долбоорго болжол менен 500 студент камтыла турган болсо бюджеттен аларга кетүүчү чыгым 2 млн. 275 миң сомду түзөт. Пайызы жок мындай насыя берүү ишине мамлекеттик да, жеке дагы банктар катыша алышат. Ал эми алынган кредитти төлөө жагдайы студент окуусун аяктап, ишке орношкон мезгилден тартып жүргүзүлө баштайт, — дейт демилгечи топтун атынан баяндама жасаган депутат Аалы Карашев.
Буга чейин мындай насыя алуу мүмкүнчүлүгүнөн кимдер пайдалангандыгын депутат Аида Касымалиева тактады.