Нарын облусундагы Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча алты тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Анда айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлү Казухико Кикучи жана «Кочкор логистик» айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев тарабынан келишим түзүлдү.
Кызматташуу меморандуму 2 этапка бөлүнөт: 1-этапта тараптардын милдеттери көрсөтүлгөн келишимге кол коюлуп, 2-этабында JICA тарабынан курулуш материалдары жана техникалык каражаттар кооперативдин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет.
Эске салсак, Нарын облусунда 2012-жылдан баштап өткөрүлүп келе жаткан Инвест-форумдардын биринде картошка сактоочу логистикалык борбордун долбоору тааныштырылган. Изденүүнүн жыйынтыгында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан долбоор колдоого алынган. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан соода-логистикалык борбордун курулушун жүргүзүү үчүн Кочкор районунун Исакеев айылынан жер бөлүнүп берилди.