Бул тууралуу маалымат жыйынында Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Жемал Эдвард Джемайель билдирди.
“Чек арадагы көйгөйлөргө байланыштуу жана эки өлкөнүн соода темпи жайлап кеткендиктен өсүү тууралуу божомолдор төмөндөп кетти. Эмдиги жылы ИДПнын өсүүсү болжол менен 3,3 пайыз болот деп болжолдоп жатабыз. Кыргыз-казак чек ара маселеси үстүбүздөгү жылдын аягында чечилет деп ойлойбуз. Эгерде андай болбосо биздин божомолдорубузду карап чыгабыз”,-деди Джемайель.
Башкача айтканда, эгерде абал жөнгө салынбаса ИДПнын көрсөткүчтөрү төмөндөй бермекчи.
Азырынча Кыргызстанда инфляция көзөмөлдө.2017-жылдын акырына чейин 3 % болуп 2018-жылы 5,5 % болушу мүмкүн. Инфляция Кыргызстандын Улуттук банкы койгон чекке жакын бойдон калат.