Биз депутаттын чочулоосун түшүнөбүз, бирок башка жагдайды да ойлонолу. Кыргызстан эбак эле мамлекет пайда болгондон бери алган кредиттерди төлөй албайт. Биздин бюджеттин баардык кирешеси — 1 799 685 200 доллар, ошентип ал жыл сайын кредиттерди кайтаруу эмес, ички максаттарга да жетишпей келүүдө.
Дүйнөдө Кыргызстан сыяктуу өзүнүн карызын көтөрө албаган мамлекеттер көп. Бирок мамлекет “дефолот”: кредиторлор карыздын бир бөлүгүнөн баш тартышып, калган бөлүгүн узак мөөнөттө төлөп берүүсүнө макул болушат, деп жарыяланса да күч менен тартып алып, молоток менен сатып жибере элек. Өткөн жылы карызын төлөөдөн Украина баш тартты жана эч кандай коркунучтуу кырдаал жаралган жок. Карыздын шарты өзгөрүп, азыр өлкө жаңы жаңы кредиттер менен жардамдарды алууну улантууда.
Ал эми Кыргызстанда чет элдик кредиттерге курулгандар – жолдор, көпүрөлөр, мектептер,- биздин жерибизде урпактарыбызга калат. Эч кайсы кредиторлор аны тартып ала албайт.