12-августта Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу келишим күчүнө кирген. Ошентип Кыргызстан Армения, Беларусия, Казакстан жана Орусия менен биргеликте Биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп калды.
ЕАЭБдин алкагында интеграциялык биригүүнүн максаты – бул “төрт эркиндикти” камсыз кылуу: эркин товар жүгүртүү, капитал, кызмат көрсөтүү жана эмгек мигранттарына жеңилдик.
Кыргызстан ЕАЭБге өлкө үчүн жагымдуу шарттарда кошулду:
- Бажы салыктарын бөлүштүрүүдө биздин үлүш 1, 9% болду, ошол эле учурда экономикасы боюнча Кыргызстанга жакын болгон Армениянын үлүшү 1, 11%.
- ЕАЭБдин жаңы шарттарына ыңгайлашуу учурунда Кыргызстанды колдоо үчүн кыргыз-орус фондун түзүү чечими кабыл алынды.
- Ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык лабораториялар менен камсыз кылуу үчүн Орусия жана Казакстан тарабынан берилчү жардамдар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, жакшы натыйжа берди.
- Инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлор салыктардан бошотулду.
- Товарлардын 166 түрүнө биз жеңилдик алдык. Аларга коюлган чендер ЕАЭБ бирдиктүү тарифинен төмөн
Бизнесмендер менен болгон сүйлөшүү учурунда Экономика министрлиги ЕАЭБдеги интеграция шарттары – бул жеңилдиктер эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөр жана бизнес чакырыктары экенин билдирди.
12-августта Кыргызстан ЕАЭБге киргенине 2 жыл толот жана азыр жаңы интеграциялык эрежелерге көнүү боюнча оор этап болууда. ЕАЭБдин шарттарына улуттук экономиканын ыңгайлашуусуна, Импортко болгон КНСтин жана бирдиктүү бажы тарифинин жаңы шарттарын киргизүүгө убакыт керек.
“Ата мекендик бизнестин 70%ын чакан ишканалар түзөт, алар бул жолду өтүү менен позициясын чыңдап жана жаңы технологияларды киргизип, ЕАЭБдин талабына жооп берүүнү эске алышы керек”,-деди А. Кожошев.
Бирок тышкы таасирлерге жана Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине 2 гана жыл болгонуна карабастан Өкмөт көп нерселерди жасады.
Министр жетишкен маанилүү жыйынтыктарга токтолду:
-
- Биринчиден ЕАЭБге мүчө болуу мигранттарга жакшы шарт түзүп берди. Алардын жумушка орношуу процедуралары жеңилдеди, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жашоо шарты жакшырды. Бул бардык облус жашоочулары үчүн өтө маанилүү деп санайм.
2.Эмгек мигранттары үй-бүлөлөрүнө которгон каражат 2016-жылы18,5%га өстү ( 1,547 млндон 1, 834 млн. долларга чейин).
3.Орусия тараптын колдоосунун алкагында бөлүнгөн 200 млн долларга бажы постторун, өткөрүү пункттарын жана лабораторияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылдык (2017-жылдын 1-январына карата 16,42 млн. доллар министрлик жана ведомстволор арасында бөлүштүрүлдү).
- 4 өткөрүү пункттары: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» жана 7 ветеринардык текшерүүчү пункттар: «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл Бел», «Кара-суу» темир жолу, «Манас» жана «Ош» аэропорттору жабдуу менен камсыз болду. Ага кошумча мамлекеттик бюджеттин эсебинен 8 өткөрүү пунктун куруу жана камсыздоо иштери жүрүүдө.
- Кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык текшерүү алынды.
- КРнын аккредитацияланган 30 лабораториясы жана сертификат берчү 9 органы ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине киргизилди, алар Биримдиктин аймагында күчкө ээ болгон документтерди беришет.
- 18 кыргыз ишканасы ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине кирди, алар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге (РФ жана Казакстан) товарларды ташый алышат, (сүт азыктарын чыгаруучу 12 ишкана, балык азыктарын чыгаруучу 3, бал чыгаруучу 2, эт азыктарын чыгаруучу 1 ишкана).
- Казакстандын аймагында кыргызстандык ташуучулары үчүн бажы коштоосу алынды.
9.Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түздү. Фонд 2015-жылдын сентябрь айынан тарта «РСК Банк», «Айыл банк» аркылуу ишкерлерге насыя берип келет, учурда насыя берүү иштери «Кыргызстан» жана «БТА Банк» аркылуу жүргүзүлүүдө. Учурда РФ бөлгөн 500 миллион доллардын ичинен 22 млн долларлык 693 долбоор жактырылды (2017-жылдын 6-апрелине карата).
- Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасы ортосунда 100 млн доллар техникалык жардам берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул каражаттар бажы инфраструктурасын жакшыртууга жана лабораторияларды модернизациялоого жана башка маанилүү иштерге жумшалмакчы.
- Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлду.
- 2016-жылдын акырында Казакстан аркылуу транзит менен өтүүчү жүк ташууларда унификацияланган темир жол тарифин мөөнөтүнөн эрте берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
- 2018-жылдын 1-сентябрына чейин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай мекемелери үчүн КНС жана пайда салыгы боюнча колдонуудагы жеңилдиктер берилген.
- Ветеринардык текшерүүгө жаткан айыл-чарба өнүмдөрүн экспорттоо боюнча кыргыздын 18 кайра иштетүүчү ишканасы Орусиянын, 8 кайра иштетүүчү ишканасына уруксат берилген.
- Мындан сырткары Кыргызстандан Орусияга Казакстандын аймагы боюнча ташууга уруксат берилген товарлардын тизмеси товарлардын 86 кошумча тобуна кеңейтилди. Мындан тышкары, ушул жылдын февралынан тарта ветеринардык көзөмөлгө тиешелүү товарлардын 46 тобун Казакстандын аймагына киргизүүгө уруксат берилди жана Казакстандын 5 областынын аймагына киргизүүгө уруксат берилген товарлардын тизмеси 39 топко чейин кеңейтилди.
Ошондой эле министр А.Кожошев 2017-жылы ЕАЭБде төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн кошумчалады. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын президенти ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылып жатып 2017-жылды бизнести өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүүгө арноого чакырды.
ЕАЭБдеги төрагалык кылууда 2017-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында соода алакасында болгон тоскоолдуктарды жоюуну максат кылган.
ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын төрагалыгы алдында приоритеттүү тармактар:
–инвестициялык саясатты активдештирүү,
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде иштегендерди жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу келишимине кол коюу,
- ЕАЭБдин рыногундагы кызматтарды либералдаштыруу жана өнөр-жай кызматташтыгында негизги тармактарды ишке ашыруу,
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттер арасында транспорт саясатын ишке ашыруу,
- Биримдиктин каржы рыногун түзүү Концепциясын иштеп чыгуу.
Экономикалык интеграция жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу Евробиримдикте биринчи маселелердин катарында. Бизнестеги тоскоолдуктарды жоюуга жана Евразиялык Биримдикте ата мекендик товарлардын эркин айлануусу тууралуу талкуулоо максатка ылайык.
Аны менен катар эле Кыргызстандын рыногуна ЕАЭБден келген товарлардын коопсуздугун текшерүү начар экенин белгилеп кетейин.
Сөзүн жыйынтыктап жатып А.Кожошев экономика министрлиги үчүн облус калкын ЕАЭБге кирүүдө Кыргызстан кандай жетишкендиктерге жетишкени тууралуу маалымат берүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондуктан Кыргызстандын ЕАЭБге ыңгайлашуусу боюнча бардык аймактарда мамлекеттик кызматкерлер, бизнес өкүлдөрү окутулушу керектиги айтылды.