Бирок жаратылышка аяр мамиле кылуу өлкөдөгү жеке ишкерлер арасында канчалык деңгээлде маанилүү?
Ишкерлер өз пайдасы үчүн жаратылыштан “алганын” кайра жеткиликтүү деңгээлде берип жатабы? Башкача айтканда, жаратылышты сактап калуу үчүн канчалык аракет кылууда? Балким алар жөн гана аны колдонуп жүрүшкөндүр?
Сурамжылоого фитофармацевттик компаниялардын өкүлдөрү, чөп чогултуучулар, суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрү, турфирмалар, эмерек жасоочулар, кайра иштетүүчу айыл-чарба ишканалары, балчылар, тоо-кен ишканалары, жайыт колдонуучулар катышкан.
Социолог Оңолкан Уманкулованын айтымында, ишкерлердин 2⁄3 бөлүгү эмнеге алардан сурап жатышканына таң калышкан. Көпчүлүгү өз компаниясынын жаратылышка тийгизген таасири тууралуу айтып берүүдөн баш тартышкан. Айрымдары сүйлөшүп отурганда ачыгын айта башташкан.
Сурамжылоого катышкнадардын 66% эркек болсо, 34% аялдар. Алардын 92%ы гана ишмердүүлүгү жаратылыш ресурстарын колдонууга байланыштуу экенин билишкен. 66%ы жаратылышты сактоого кам көрүп жатканын айтышкан.
Дагы бир пикир:
“Өлкөдө аба, суу дагы деле таза деп санагандар бар экен ”
Жаратылышты коргоо үчүн жеке сектордун мамлекет менен болгон байланышы тууралуу суроого респонденттер төмөнкүдөй жооп узатышкан: 29%ы эч кандай мамлекеттик органдар менен кызматташпайт, 37% жеке ишкканалар мамлекеттик органдар менен кызматташат, 28% эл аралык уюмдар, донорлор менен, 20% коомдук уюмдар менен, 8% ЖОЖдор менен, 50% жергиликтүү бийлик менен кызматташарын билдиришкен. Башкача айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өлкодөгу экологиялык абалдын кандай экени баары бир эмес.
Ишкерлердин бири атын атабоону өтүнүп төмөнкүлөрдү билдирди: “Негизи статистиканы бардык компаниялар көрсөтүшү керек. Факт жүзүндө 20 миң өнөр-жай ишканасынын ичинен жаратылышка байланышкан отчетту болгону 280 ишкана берет, бул жада калса 1% эмес, 0,01 % түзөт. ”
“Бирок бизнес бул акчалар кайда кетип жатканы тууралуу билбейт. Ошондуктан бизнес жаратылышка болгон мамилеси үчүн жоопкерчилик албайт. Мыйзам чегинде бул маселени чечүү зарыл”
Ошондой эле алар мамлекеттик органдар өздөрү түзгөн нерсени өздөру кыйратып жатышканын айтышты. Мисалы, улуттук сейил бактарды түзүшүп, кайра эле ал жерлерден кен казып жатышат. Мамлекет өзү үлгү болуусу керек.
Сурамжылоого катышкандардын баары өлкөдө экологияны сактоо тууралуу түшүнүктөр жаш кезинен бери эле балага үйрөтүлүшү керектигин билдиришти. Ал эми айрымдар маалыматтык колдоо жетишпей турганын белгилешти.
“Жаратылышты сактоо боюнча маалыматтык кампания жүрүүсү зарыл”,-деп сөзүн жыйынтыктады Оңолкан Уманкулова.
Ирина Байрамукова