• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мыйзамсыз миграция уюштургандарга айып пул салынат

84

👁 791

КРнын өкмөтү Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү менен мыйзамсыз миграция уюштургандарга карата жазаны күчөтүүдө.

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграция уюштургандарды 3 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштургандарга 30–60 миң сом (400−800 доллар) айып пул салынат.

Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев бул Кыргызстанга болгон иммиграцияга гана эмес, кыргызстандыктарды чет жакка мыйзамсыз жибергендерге дагы тиешелүү экенин белгиледи.

“Мыйзамсыз миграция тенденциясы дүйнө жүзү боюнча көп болуп жатат. Уюштурулган мыйзамсыз миграцияда киши сатуу, элдин акчасын бербей койгон учурлар көп болууда. Ошол үчүн бул мыйзамда жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Бул мыйзам Кыргызстандын ичине мигранттарды мыйзамсыз алып келип жаткандарга, Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткандарга жана өлкө ичинен чет өлкөгө алдоо жолу менен чыгарып жаткан тараптарга колдонулат”,-деди ал.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгы акыркы беш жылда мыйзамсыз миграция уюштурулган 233 фактыны аныктаган. Тартип сакчылары кылмыштын бул түрү өтө тымызын жүргүзүлүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч тийгизерин белгилешет. Ушундан улам ИИМдин коштомо катында мыйзамсыз миграцияга карата жеңил жазанын аягы бөтөн өлкөлөрдүн деструктивдүү элементтеринин Кыргызстанда пайда болушуна шарт түзөрү жазылган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости