В Узбекистане из-за нехватки воды отказались от выращивания риса
Өлкөнүн салык кызматы жыл башынан бери 178 унааны айып жайга жөнөтүштү. Бардык унаалар Кыргызстанга ЕАЭб өлкөлөрүнөн алынып келинген.
ЕЭК и Камбоджа договорились создать условия для роста объемов торговли
2017-жылдын 1-январынан 1-июнуна чейин каржы полициясынын, салык кызматынын жана ИИМдин мобилдик тобу КРнын аймагына кыргыз-казак чек арасы аркылуу келген 744 унааны кармашкан. Бул унаалардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө 178 унаа убактылуу айып жайга токтотулса, 566 унаага тиешелүү документтер кийинчерээк көрсөтүлгөн.
4 унаа боюнча документтер укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. 2 унаага административдик айыппул салынды. 144 материал аймактык салык органдарына жиберилди.
Өлкөнү салык кызматы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар ташыган тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары тиешелүү формадагы документтерди жандарына алып жүрүшү керектигин эскертишти.
“Мамлекеттик текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу коштоп жүрүүчү талондор салыктарды жыйноого оң таасирин берди. 2017-жылдын январь-май айларында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алынып келинген товарлардын КНСинен 5 млрд 667,3 млн сом чогулган, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 млрд 211,7 млн сомго көп. Же өсүү темпи 127,2%ды түздү” ‚-деп билдирди Салык кызматы.