“Жөнгө салууну системдүү анализдөө” жөнгө салуу реформасы бөлүмүнүн эксперти Темир Буржубаев ЭКОНОМИКАга бул боюнча түшүндүрүү берди:
“Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана Кыргыз Республикасынан алып тыюу салуу” тууралуу КРнын мыйзамы 2008-жылдын 12-июнунда кабыл алынган. Бул тыюу салуу 5 жылга болгон. Мыйзам күчүн 2013-жылдын 12-июнунда жоготту, учурда актуалдуу эмес. Аны узартуу боюнча демилге жок.
Эгерде мамлекеттик органдар жана парламент Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана Кыргыз Республикасынан алып тыюу салуу керек десе анда жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керек.
Бул учурда бул мыйзам долбоорун күчүн жоготту деп табуу үчүн экономикалык эсептин жана башка негиздемелердин кереги жок.
Мыйзамды жокко чыгаруунун эмне кереги бар?