Транспорт министрлигинде эң көп мыйзам бузулат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, министрликтин 2016-жылдагы бюджети текшерилгенде 257 млн. сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Бул жалпы каржылык мыйзам бузуунун 20 пайызын түзөт. Каржылык мыйзам бузуунун басымдуу бөлүгү жолдорду оңдоодо иштин, материалдын баасын ашыра көрсөтүүгө байланыштуу.
Маалыматка ылайык, каржылык мыйзам бузууда кийинки орунда 246 млн. сом менен Бишкек мэриясы турат. 108 млн. сомдук каржылык мыйзам бузганы белгиленген Мамлекеттик бажы кызматы үчүнчү орунда.
Эсеп палатасы иликтөөсүнүн жыйынтыгында жалпы мамлекеттик мекемелердеги финансылык мыйзам бузуулардан мамлекетик бюджет 11 миллиард сом чыгым тартканын аныктады.