“Сынактын максаты — таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди аныктоо жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүү, тажрыйба жана новатордук иш-чараларга колдоо көрсөтүү жана педагогикалык иштин кадыр-баркын жогорулатуу”,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Сынак 2017-жылдын 12-сентябрынан 3-октябрга чейин уланмакчы.
Сынактын жобосу менен http://konkurs.edu.gov.kg сайтынан таанышып, 2017-жылдын 22-сентябрына чейин онлайн-арыз берсеңиз болот.
Арызды төмөнкүлөр бере алышат:
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмү;
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кеңеши;
Педагогикалык кызматкер (өзүн-өзү көрсөтүү).
Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат:
Мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3 өкүлү;
Мектептердин 10 өкүлү;
Мектептерден сырткары билим берүү уюмдарынын 3 өкүлү.
Финалисттерди куттуктоо жана сыйлык тапшыруу аземи 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнүндө болот.