2018-жылдын 1-майына карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалыматы:
Эт өндүрүү. 2018-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 116,4 мин тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 2,4 миң тонна, же 2,1 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.
Белгилей кетчү нерсе 2018-жылдын январь-апрель айында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.
Республикада эт өндүрүүнүн жогорулашынын негизги себеби малдардын башынын көбөйүшү болуп эсептелет. 2017-жылдын аягына карата ири мүйүздүү малдарынын башы былтыркы жыл менен салыштырмалуу 47,6 миң башка өскөн, кой жана эчкинин башы 55,2 миң башка, чочконун башы 1,0 миң башка, жылкынын башы 14,0 миң башка жана үй канаттуулардын башы 236,8 башка көбөйүшү болуп эсептелет.
Сүт өндүрүү. 2018-жылдын январь-апрель айында республика боюнча 380,5 миң тонна сүт өндүрүлдү, 7,7 миң тонна, же болбосо 2,1 пайызга мурунку жылга караганда сүт өндүрүү көбүрөөк.
Республика боюнча сүт өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн негизги себеби саан уйлардын башы 19,8 миң башка көбөйүшү болуп эсептелинет.
Сүт өндүрүү Талас облусунан тышкары республиканын бардык облустарында көбөйгөн. Талас облусунда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт өндүрүү 0,8 пайызга же 157 тоннага азайган.
Облуста сүт өндүрүүнүн азайышынын эң негизги себеби саан уйлардын башы 344 башка азайышы болуп эсептелинет.
Жумуртка өндүрүү. 2018-жылдын отчеттук мезгилинде республикада 158730 миң даана жумуртка өндүрүлүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 14081 миң даана же 109,7 пайызга көбүрөк болгон.
Республиканын баардык облустарда жумуртка өндүрүнүн жогорулашы байкалат.