ЭКОНОМИКА буга чейин 2016-жылдын 10-декабрында Венада ОПЕК мунайды өндүрүүнү кыскартуу тууралуу макулдашууга кол койгонун жазып чыккан эле. Бул жолугушуу мунайды өндүрүү кыскартылат деген өлкөлөрдүн мониторингинин алгачкы жыйынтыгын көрсөтөт.
Буга чейин мунайды өндүрүү суткасына 1,64 млн баррелге кыскарары жарыяланган. 2017-жылдын биринчи жарымында макулдашууга дагы 11 мамлекет кошулуп, мунайды өндүрүү суткасына дагы 558 миң баррелге кыскарат.
Жалпы мунайды өндүрүү суткасына 1,7–1,8 млн баррелге кыскармакчы.
Мисалы, Орусия өңдүрүүнү 300 миң баррелге кыскартат;
Мексика –100 миң баррелге;
Оман –40 миң;
Азербайжан — 35 миң;
Казакстан –20 миң баррелге.
Мунайды өңдүрүүңү кыскартуу эмнеге алып келери белгилүү – бул кадамдар күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын жогорулашына алып келип, бул маселе айдоочуларга да кедергесин тийгизет.
2017-жылдын жаз айларынан тарта Кыргызстандагы айдоочулар май куюучу жайлардагы баалардын өзгөрүүсүнө көз салып, бензинге канча сом корорун эсептеп калышат өңдүү.