Жыйында 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылыш жыйынтыгын, министрлик жана ага караштуу уюмдардын бюджеттик, атайы жана башка каражаттарын пайдалануу аудитинин жыйынтыгын, ведомствонун коррупцияга каршы туруу боюнча Иш-чаралар планынын алгачкы антикоррупциялык мониторингинин отчетун жана аткаруу тартибинин абалы тууралуу маалымат угушту.
Коллегиянын жүрүшүндө вице-премьер-министр С.Муканбетов бюджетти аткаруу боюнча оңдуу жыйынтыктарга карабастан, министрлик тараптан 2017-жылы өнүгүүгө ээ болбогон позицияларга көңүл бурулуусу кажет экендигин белгиледи.
С.Муканбетов билдиргендей, мамлекеттик органдардын финансы каражатына реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарын кварталдык пландаштырууну өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу керек. Андан соң өз баяндамасында ал мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча милдеттенмелердин жана процедуралардын өз мөөнөтүндө жана толук эмес аткарылгандыгын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан алсыз көзөмөл болгондугун көрсөттү.
Мындан тышкары, С.Муканбетов ведомствонун аткаруучулук тартибинин алсыздыгын белгиледи. 2017-жыл жыйынтыгы боюнча 14 ЧУА, 29 протоколдук тапшырма жана КР Өкмөтүнүн 94 тапшырмасы мөөнөтүн создуктуруу менен аткарылган.
Ошондой эле коллегияда вице-премьер-министр Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизилген мамлекеттик тилдеги дээрлик бардык чечим долбоорлору олуттуу каталарды камтый тургандыгын маалымдады.
Сөзүнүн соңунда ал төмөнкү багыттар жана милдеттер өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын белгиледи:
-
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасын 2018-жылга карата Иш-чаралар планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырууну камсыздоо.
- Бюджеттик системанын туруктуулугун камсыздоо, финасылык тутумга таасир эткен өзгөртүүлөрдү эске алуу менен бюджеттин туруктуулугун жана балансын сактоо.
- Мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу жана тышкы каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүү алкагында мамлекеттик органдардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча ишти күчтөндүрүү.
- Министрлик жана ведомстволордун чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чыгымдык милдеттенмелерин талдоого алуу жана үстүбүздөгү жылга карата аларды оптимизациялоо бооюнча чаралар пакетин карого киргизүү.
- 2018-жылы мамлекеттик бюджетке кошумча түшүүлөр боюнча иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууну камсыздоо.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна орто мөөнөттүк мезгилге фискалдык саясаттын негизги багытынын долбоорлорун өз мөөнөтүндө киргизүү.
- Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик тейлөө сапатын жакшыртуу максатында мамлекеттик бюджетти программалык негизде пландаштыруу боюнча ишти улантуу.
- Финансы министрлиги бюджетти пландаштыруу жана уюштуруу баскычында бизнес процесстерди автоматташтырууну киргизүү боюнча ишти күчтөндүрүүгө басым жасашы тийиш.