• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мухаммедкалый Абылгазиев: Жер тилкелерин трансформациялоо адилеттик жол менен чечилүүсү керек

444444444

👁 771

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 3-майда, «Сугат айдоо жерлерди чарба жеринин башка категориялары жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун талкуулоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр белгилегендей, аталган өзгөртүүлөр социалдык жактан маанилүү саналат жана Өкмөт тараптан биринчи кезекте каралат.

«Жерлерди трансформациялоо маселеси 25–30 жылдан бери карай чечилбей келе жатат. Бул жылдары айыл чарба багытындагы тилкелерге турак-жай курган жарандардын көптөгөн социалдык жана турмуш-тиричилик көйгөйлөрү чогулду. Алар өз мүлкүн мыйзамдаштыра албай, жашаган орду боюча каттоого тура алышпайт. Натыйжада, жарандар балдарды бала-бакча, мектептерге орноштуруу, социалдык жана медициналык көмөк алууга байланыштуу кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Ошондой эле алар өзүнүн конституциялык укугунан – шайлоого катышуу укугунан айрылышкан», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы аталган мыйзамдарды кароодо жерлерди трансформациялоодогу коррупциялык тобокелдиктерге өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

«Республикада ондогон жылдар бою жеке турак-жай курууга чоң эмес жер тилкесин мыйзамдаштыра албай келе жаткан жарандар бар. Буга катар эле айыл чарба багытындагы бир нече гектарлаган жерлерди кандайдыр-бир жол менен өзүнө каттатып алгандар да бар. Алар трансформациялоону пайда табуу ыкмасы катары карашат. Мындайга жол берүүгө болбойт», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана укук коргоо органдарына айыл чарба багытындагы жерлерди тариздөө процедураларын тыкыр текшерүүдөн өткөрүүнү тапшырды.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, ведомство аралык комиссия тарабынан жеке турак-жай курулушуна трансформациялоо пландаштырылып жаткан сугат жерлерди инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости