Сапардын алкагында бүгүн, 31-майда Абылгазиев Орусия, Казакстан жана Өзбекстан премьер-министрлери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
КМШнын өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 1-июнда өтөт.
Кеңешмеде КМШ алкагындагы экономикалык жана гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилери жана кызматташуунун башка багыттары талкууланмакчы.
Буга катар гуманитардык блокто «КМШ үчүн 100 идея» Эл аралык жаштар долбоорунун талкуусу өтөт.
Жалпысынан күн тартибинде 14 маселе каралмакчы.
КРнын делегациясынын курамында;
— Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
— Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;
— Экономика министри Олег Панкратов;
— КРнын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов;
— КРнын Беларусиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
— Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Шамильбек Асымбеков;
— Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;
— Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев;
— Кыргыз Республикасынын КМШ экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссиясынын өкүлү Зина Асанкожоева бар.