• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек

image002

👁 559

Биз мамлекеттин бардык ресурсун региондорду өнүктүрүүгө багыттообуз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«Өлкөнүн 70 пайыздан ашуун калкы аймактарда жашайт, мында калктуу пункттардын көп бөлүгү дотацияда турат жана өнүккөн инфраструктурага жана активдүү ишкер чөйрөгө ээ эмес. Бул абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялады. Мамлекет башчысынын Жарлыгы мамлекеттин жана жалпы коомдун күч-аракетин аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө бириктирүүгө багытталган маанилүү документ болуп саналат», – деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жылдары Өкмөт тараптан жол, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле билим берүү жана медицина обьектилерин куруу боюнча чаралар кабыл алынып жаткандыгын баса белгиледи.

“2017-жылы эле унаа жолдорунун курулушуна бюджеттен кеминде 4 млрд сом бөлүнгөн, 76 билим берүү мекемеси, 6 медициналык объект курулган. 1000 гектардан ашуун жерге сугат суусу берилип, 100 гектар жер тамчылатып сугаруу тутумуна кошулган”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр өлкөдө кайрадан түзүлгөн ишканалар 5 жылдын ичинде мүлк салыгынан, жер, киреше жана сатуу салыгынан бошотуларын белгиледи.

“Бекитилген долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринде формалдуу мамиле болбошу керек. Облустардын, шаарлардын, райондордун жетекчилеринин ишин баалоо ар бир аймактын инвестициялык жагымдуулугунун рейтингинин, жашоо шарттарынын жакшыруусунун, ошондой эле жаңы жумуш орундарынын санынын негизинде жүргүзүлөт. Биз мамлекеттин бардык ресурстарын каржылык же административдик болобу, аймактарды өнүктүрүүгө багытташыбыз керек”, – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Маалымдама: 2017-жылы айылдык товар өндүрүүчүлөрдү каржылык мамлекеттик колдоонун алкагында “Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында республиканын 15,2 миң чарбалык субъекттерине 6,7 млрд. сом өлчөмүндө насыя берилген.

Кичи жана орто бизнести масштабдуу колдоого алууну ишке ашыруу үчүн «Кепилдик фонду» түзүлгөн, анда 372 млн сом суммасына 404 кепилдик бекитилген. Ошондой эле ишкерлер өнөк-банктардан жалпы көлөмү 1,369 млрд сомдук кредит алган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости