• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргыз Республикасы Газа секторундагы абалдын кескин курчушуна байланыштуу терең тынчсыздануу билдирет

22

👁 488

«Кыргыз Республикасы абалдын кескин курчуп жана Газа секторундагы протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болушканына байланыштуу өтө тынчсызданып жаткандыгын билдирет», – деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда, Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз Саммитинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Уюмдун делегацияларынын башчыларын жана жыйындын катышуучуларын Премьер-министр Рамазан айынын башталышы менен куттуктады.

Өкмөт башчы ошондой эле 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.

«Бүгүнкү биздин жолугушуубуз баардык эл аралык жамаат, анын ичинде мусулман дүйнөсү үчүн жөнөкөй эмес мезгилде өтүп жатат. Ушул шарттарда биздин уюмубуздун Саммитинин шашылыш жыйынын өткөрүү логикалуу жана өз учурунда болуп жатат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын БУУнун мүчө өлкөлөрү көпчүлүк добуш менен кабыл алганына карабастан АКШнын Элчилигинин Аль-Кудс (Иерусалим) шаарына которулушу Палестина-израиль жаңжалын тынчтык менен жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун күч-аракетин жокко салды жана кырдаалды татаалдаштырды.

«Биз бул окуяларга катышы бар баардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр палестина-израиль жаңжалы эл аралык мыйзамдардын чегинде чечилээрине терең ишеним билдирди, мында БУУ өзүнүн таасирдүү жана чечүүчү ролун ойноого тийиш.

Өкмөт башчы Кыргызстан Ислам шериктештик уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту биргелешип чыңдоого үндөгөн чакырыктарын толугу менен колдой турганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы Палестинанын эли өзүнүн зомбулуктан жана согуштан алыс татыктуу жашоого болгон укугун жакын арада ишке ашырат жана БУУнун толук укуктуу мүчөсү болуучу эгемендүү мамлекетин курат деп бекем ишенебиз», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ушул жолугушуу Аль-Кудс шаарынын айланасындагы кырдаалды жөнгө салууда, ошондой эле Ислам кызматташтык уюмунун алкагында биздин кызматташтыкты чыңдоодо алдыга карай дагы бир кадам болуп калат деп ишеним билдирди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости