• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Мухаммедкалый Абылгазиев: Коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат

4397

👁 897

Энергетикалык компаниялардын иши ачык-айкын болуп, ал эми коррупциялык көрүнүштөргө кескин тыюу салынат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-апрелде, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктары боюнча жумушчу кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов маалымдагандай, 2018-жылдын 25-январында Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган штаттан тышкаркы абалды эсепке албаганда, жалпысынан алганда, 2017/2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүгө байланыштуу абал стабилдүү болду.

«2018-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 881,07 м түзүп, көлөмү 14,448 млрд м3 болду, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,67 млрд. м3 жогору, анда суу деңгээли 874,01 м белгисинде болуп, 12,773 млрд м3 түзгөн», – деп маалымдады Улан Рыскулов.

Анын айтымында, 2017-жыл үчүн «Электр станциялары» ААК 15 151,4 млн кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан, бул 2016-жылкы көрсөткүчтөн 18% га көп болуп саналат. 2017-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2 192,0 миң Гкал түзүп, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнөн 11% га жогору эсептелет.

Премьер-министр маалыматты уккан соң, Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган авария энергетикалык тармактагы тутумдук көйгөйлөрдү ачыктагандыгын белгиледи.

«Энергетикалык тармактын жетекчилери ишти ийне-жибине чейин билип, татаал кырдаалда жоопкерчиликти башка жакка шылтабай, өзүнө алууга үйрөнүүсү керек. Энергетикалык тармакка күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча коюлган милдеттемелерди алып кете турган чынчыл, кесипкөй адистер келиши керек. Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык компаниялардын ишинин финансылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди. Өлкө Президенти Өкмөттүн алдына конкреттүү милдетти – бардык коррупционерлерди аныктоо жана тармакты алардан тазалоону койду. Эл байлыгы катары саналган энергетикалык тармакты уурдоо эсебинен байып көнгөн айрым топтордун каршылыгына карабастан, аталган милдет аткарылат», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, энергетикалык секторду көзөмөлдөгөн тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери келерки кышта шаардыктардын турак-жайын ысык суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоосу үчүн Бишкек шаардык ЖЭБдеги таңкыстыктарды жоюушу тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилерине энергетикалык тармактагы абалды жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Атап айтканда, Бишкек шаардык ЖЭБдеги аварияны жоюу жана өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги мындай абалга жол бербөө боюнча антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, жалпы энергетикалык жабдуулардын абалын техникалык талдоодон өткөрүү жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен берилген режимди аткаруусун камсыздоо боюнча анын жөндөмдүүлүгүн баалоо, энергетикалык компаниялардын башкаруу органдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле энергосекторду башкаруунун ачык-айкын ыкмаларын киргизүү аркылуу энергетикалык объектилерди пайдалануунун үзгүлтүксүз технологиялык циклин камсыздоо тапшырылды.

Андан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго көмүр өнөр жай жана тоо-кен казып алуу тармагы жаатындагы иштерди күчтөндүрүү, кен байлыктарды иштетүү пландалып жаткан райондордун тургундары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү, ошондой эле энергетикалык компаниялардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча койгон милдеттерин аткаруусу боюнча отун-энергетикалык комплекс ишканаларынынын жетекчилеринин иши өзгөчө көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости