Механизаторлордун эс алууга убактылары жок, себеби 3–4 айдан соң кайра эле техниканы талаага алып чыгуу керек. Алар талаа иштеринде техниканын ар бир бөлүгү жакшы иштөө керектигин билишет.
Совет доорунда ар бир колхоздо жана совхоздо өздөрүнүн МТСтери (машина-трактордук станциялары) боло турган. 90-жылдары алар таланып, калган техникалар токтоосуз иштетилип, бат эле жарактан чыгып калды.
Баардык адамдар бир убакта жер айдатышы керек же түшүм жыйноосу зарыл болгондо техника талашка түшүп, анын айынан эки-экиден урушкандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына нааразы болгондор дагы жок эмес.
Ошентип жаңы МТСтерди түзүү же мурункуларын калыбына келтирүү зарылчылыгы келип жетти. Каалабоо-демек эч нерсе жасабоо.
“Жашырганда эмне жергиликтүү депутаттар жана райондогу аткаминерлер техниканы өз максаттарында пайдаланып келишет”,-дейт Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Артур Сейдакматов.
Натыйжада МТСтер пайда болгону менен алар киреше алып келген эмес. Жергиликтүү бийлик эмне кылуу керек деп абалдан чыгуу жолун издеп турган кези.
Жети-Өгүз айыл өкмөтүндө абалдан чыгуу жолун табышкан – айыл-чарба кызматтарын уюштуруу системасын реформалоо керек! Бул ишти жасоо мүмкүн болду! Учурда айыл өкмөтү МТС түзүү жана анын ишин жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.
Калктын аялуу катмарына жерин иштетүү үчүн жана түшүмүн жыйноо үчүн жеңилдиктер берилет; ишкерлик менен алектенүү үчүн механизаторлорго колдоо көрсөтүлөт; ижара боюнча жаңы жоболор жазылган.
Жаңы ижара мамилелери “Муниципалдык менчикти колдонууга ижарага берүү” мыйзамынын 15-беренесине, “Муниципалдык менчик” тууралуу мыйзамдын 18-беренесине ылайык келет.
Жаңы ыкманы киргизүү үчүн конкурстук документ аныкталды: кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо үчүн токтом иштелип чыкты; ижарага алуучу тракторситтерге болгон талаптар аныкталды; Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аялуу катмардагы адамдардын тизмеси түзүлдү; айыл өкмөтү менен ижарачылардын ортосунда келишим түзүлдү.
Эксперт Азамат Орозалиев бул реформанын биринчи гана кадамы экенин билдирди, ошондуктан тиешелүү мамлекеттик органдар калк менен иштеп, абалды жакшыртуусу керек деп эсептейт.
Ирина Байрамукова