• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Москвадагы “Кыргыз товарлар күнүндө” сүт азыктары жана минералдык суулар кызыгуу жаратты

c41542b4-4293-4892-a16b-a421abc5f35c

👁 1,158

Москвадагы «Перекресток» супермаркетинде “Кыргыз товарлар күнү” өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Экономика министри Артем Новиков жана Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Илья Торосов катышты. Иш-чара соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус Өкмөттөр аралык комиссиясынын 20-жыйынынын алкагында өткөрүлдү.

Бул акция Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты практика жүзүндө ишке ашыруу багытынын бири болуп саналат.

Иш-чара Россия Федерациясынын соода тармактарында кыргыз өнүмдөрүн жайылтуу жана сатып алуучуларды экологиялык жактан таза жана арзан баадагы кыргыз товарлары менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү. Акция алкагында «Перекресток» супермаркетине келген ар бир сатып алуучу Кыргызстандын өнүмү тууралуу маалымат алып, аны ооз тийүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Анда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн айыл-чарба өнүмдөрү жана азык-түлүктөр коюлуп, 30га жакын өндүрүшчүлөр катышышты.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-декабрында Бишкекте алтынчы кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы өткөн. Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Экономика министрлиги менен РФнын X5 Retail Group деп аталган белгилүү соода тармагы ортосунда келишимге кол коюлган. Анда аталган соода тармагы дүкөндөрүндө сатуу үчүн кыргыз өнүмүн алууну көздөп жатканын билдирген болчу.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости