Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун айтымында, келишимге ылайык, Кыргызстандын Миграция кызматы Орусия аймагында дипломатиялык кызматкер статусуна ээ болгон 9 өкүлчүлүк ачууну көздөйт. Ошону менен бирге, Орусиянын Бишкек жана Ош шаарларындагы 2 өкүлчүлүгү мыйзамдуу бекитилмекчи.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев айтып берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан сырт жакта 650–750 миңге жакын кыргызстандык бар. Алардын 47%ы 18–29 жаштагы жаштар. Кыргызстандыктардын көбү Орусияда. Орусиянын миграция органдарынын маалыматына ылайык, 2015-жылы кыргызстандыктардын саны 540 миң болгон.
Миграция кызматынын маалыматына ылайык, Казакстанда 113 миң Кыргызстандын жараны бар, Түштү Кореяда – 15 миң, Түркияда – 14 миң, башка өлкөлөрдө 30 миңге жакын. Чет жакта иштеген мекендештердин көбү ЕАЭБдин аймагында иштеп келишет.