Бир нече күн мурда Москванын мэри Сергей Собянин москвалык полицияга мыйзамсыз мигранттарды көбүрөөк аныктоо тапшырмасын берди.
Укук бузууларды аныктоого арналган шаардык жыйында ал Бажы Союзуна кирген өлкөлөрдүн мигранттары “көйгөй” жаратып, “шаарга коопсуздукту кошпойт” деп айтты.
Москванын мэрии Москвада мигранттардын 40%га жакыны мыйзамсыз иштеше тургандыгын билдирди, алардын көпчүлүгү 90 күндөн аз мөөнөткө келишип, катталышпайт, андан соң кайра кирип-чыгышат. Шаар ушундан улам алардан салык албай жатат, ал эми полиция ким, кайда жашай тургандыгын так биле албайт.
Биздин маалыматыбыз боюнча, болжолдуу түрдө ноябрдын ортосунан тартып Москвада мигранттардын каттоосун тез-тез текшере башташты. Полиция кызматкерлери көчөдө мигрантка окшогон адамдарды бир гана токтотпостон, эртең менен, ал тургай түн ортосунда деле алар жашаган квартираларга катталган документтерин текшерүү үчүн кирип барышууда. Мындай күчөтүлгөн текшерүүлөр 25-декабрга чейин улантылары күтүлүүдө.
Тилекке каршы Москвадагы кыргыз мигранттар полициянын чектен чыккан текшерүүсүнөн өтө начар корголгон жана көпчүлүк учурда алардын акча талап кылган курмандыгы болууда. Бул тууралуу албетте, Москва мэри айткысы келген жок.
Россиядагы катталуу эрежелери мигранттарды туура эмес даректи көрсөтүүгө, көпчүлүк учурда расмий каттоодон такыр эле баш тартууга мажбурлап түзүлгөн. Бул жагдайдын негизги себеби коррупциянын гүлдөшү болуп саналат – полиция кызматкерлери рейд уюштуруп, ал тургай кандайдыр бир себептер менен каттоо талонунан башка райондо болуп калган катталгандардан да пара талап кылышат.
Мигранттардын эмгеги Москвага өтө керек: алар шаар жана жашоочулар үчүн өтө зарыл жумуштарды жасашат. Анткен менен биз жердештерибиздин абалы ал жакта жакын арада жакшырып кетпей тургандыгына көзүбүз жетип турат.
Өз сөзүндө мэр полицияны жана «элдик сакчыларды» текшерүүнү күчөтүүгө чакырып, мындай деди: «Шаарды тазалоо … узак келечекке жакшы натыйжа берет».
«Зачистка» деген сөз – орус тилинен «тазалык» дегенди түшүндүрөт. «Зачищать» — демек, кандайдыр-бир кир нерсени алып салуу. Ошондой эле «зачистка» деген сөздү аскерлер да кайсы бир аймакта калган душмандарды жок кылууну айтып колдонушат. Москва мэри биздин мекендештерибизге карата ушул сөздөрдү колдонгондугу өкүнүчтүү.